​Олимпиада чемпиону зордукталгандыгын айтты

​Олимпиада чемпиону зордукталгандыгын айтты
6-Апр. 2018, Жума, 13:34

Советтер союзунун гимнастика боюнча олимпиаданын 4 жолку чемпиону Ольга Корбут машыктыруучусу Ренальд Кныш тарабынан бир канча жолу зордукталгандыгын билдирди. Бул тууралуу атактуу спортчу«Пусть говорят» программасына чыгып өзү айтып берди.

Олимпиада чемпиону Ольга Корбуттун айтымында аны 1972-жылы Мюнхен оюндары алдында зордуктаган. “Бул мен жашап келаткан ачуу чындык. Мага муну ташып жүрүү өтө оор болду, уят баарынан бийик экен. Окуя Минск шаарында «Юбилейная» мейманканасында болгон” деди

Корбутучурда 87 жашында болгон машыктыруучусу бул каргашалуу кылыгы үчүн жаза алат деген ишеничте. Окуя болгон учурда олимпиада чемпиону Ольга Корбут 17 гана жашта болчу.

Көрсөтүүнүн жүрүшүндө алып баруучу видео чакыруу аркылуу машыктыруучу Ренальд Кныш менен байланыш уюштурду. Машыктыруучу олимпиада чемпионун калп айтып жаткандыгын белгиледи. Ал “Айткандарынын баары карандай калп! Эмне деген наадандык, акмакчылык жана жалаа жабуу. Мындай болушу мүмкүн эмес” деди

Олипиада чемпиону мындан тышкары “Бул чындык, эмиэмне десе айта бер. Бул жасаган күнөөңдү мойнуң менен тартасың. Башка дагы сенин курмандыктарың бар Ренальд Иванович! Мен сизди машыктыруучу катары абдан сайлайм бирок адам катары сиз мага эч ким эмессиз” деп кошумчалады.

1974-жылкы Мюнхен олимпиада оюндарындаКорбут 3 алтын жана бирн күмүш тагынып кайткан. Эки жыл өтпөй чемпиондун ийгилиги тууралуу «Чудо с косичками» аттуу документалдык фильм тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!