Ракты жеңген спортчулар

Ракты жеңген спортчулар
3-Март 2018, Ишемби, 15:44

Рак оорусу менен ар кандай адамдар жабыркап келет: Улуулар жана балдар, байлар жана кедейлер деги баарында учурайт. Ал гана эмес чыңден соолуктуу олимпиадалык чемпиондор дагы бар. Алардын кээ бири бул каргашалуу илдетти жеңип, чоң спортто кайтып келишкен.Эмесе ошондой каармандардын кээ бирлерин атай кетели.

Эрик Шанто, сууда сүзүүчү

Америкалык суучул Эрик Шанто рак оорулуу экендигин 2008-жылы жайкы Олимпиада оюндары алдында билген. 24 жаштыгы спортчу зыяндуу шишик диагнозунан кийин текшерүүнү ойлонот. Дарыгерлер дароо эле операция кылуунун сунушташкан. Шанто болбой эле Пекин олимпиадасына катышат бирок жарым финалга чыкканы менен медалга илинбей калат.

Олимпиада оюндарынын келгенден кийин операция жасатып, кошумча дарыланып жүрөт. Ал эми кийинки 2012-жылкы Лондон жайкы олимпиадагы катышып, алтын медалга татыктуу болот.

Новлен Уильямс-Миллс, жеңил атлетика

Ямайкалык жөө күлүк Новлен Уильямс Лондон Олимпиададасына барууга даярданып жаткан. Оюндарга бир жума калганда ага эмчек шишиги диагнозу коюлат. Ал бул каргашалуу оорусу тууралуу эч кимге айтпастан олимпиадага катышат. Новлен жогорку тоболкелдеги топко киргенин билген. Себеби улуу эжеси дагы рак оорусунан каза болгон. Ал 400 метрдик аялдар арасындагы жарышта коло медалды жеңип алган.

Лондондон кайтып келгенден кийин спортчу ооруканага жатып,сүт бездерин алдырууга туура келген. Уильям-Миллс учурда дагы эле спорт менен машыгып, рак оорулуу адамдарга жардам көргөзүп келет.

Лэнс Армстронг, велоспорт

1996-жылы веложарышчы Лэнс Армстронг адатта жайылган ашказан рагы менен ооруган. Ага чейин 1992-жылы Лондонго өткөн олимпиадага катышкан. Кийинчээрек өпкө жана баш оорусу да коштолгон. Мындан айыгып кетүүгө дарыгерлер 40% гана мүмкүнчүлүгү болгондугун белгилешкен. Спортчу көптөгөн химиятерапиядан жана ыкчам дарылануудан өткөн. Кийин эки жылдык дарылануудан кийин машыгуусун улантып, «Тур де Франс» сыйлыгын 7 жолу жеңип алган.

Ал эми2000-жылы Сидней олимпиадасына катышып, коло медалга татыктуу болгон.

Брайан Робсон - футбол

Ал учурда "Манчестер Юнайтед" клубунун “Глобалдык элчиси” болуп саналат. Ал футбол тарыхында "Вест Бромвич Альбион"жана"Манчестер Юнайтед" футбол клубдарында өлбөс-өчпөс из калтырган.”Кызыл ажыдар” футболчуларынын 12 жыл капитаны болуп келген.

2011-жылы март айында Робсондон кекиртек рак оорусу аныкталган. Ал учурда улуттук курама командасын Таиланда машыктырып жаткан. Оорусунун күчөп кеткендигинен кызматын таштоого туура келген.Дарыгерлер кекиртек рак оорусун тамеки жана спирт ичимдиктеринен улам пайда болоорун айтып келишет. Ал бир жыл боюу тынымсыз хирургиялык радиотерапия дарылануудан кийин 2012-жылы спортко кайра кайтып келген.

Тура Бергер, биатлон

Норвегиялык спортчу Тура Бергер тери рагы(меланома) менен ооруп калгандыгын 2009-жылы билген. Бул оору айтылган учурда спортчу Ванкувер кышкы олимпиадасына камданып жаткан.

Бактыга жараша рак оорусунун баштапкы стадиясында аныкталып, учурунда операция жасалган. Бергергк карьерасын токтотууга туура келген эмес. Ал эми 2010-жылы Олимпиадада Норвегияга алгачкы алтын медалды алып берген. 2014-жылы спорт карьерасын аяктап, 2015-жылы балалуу болуп, бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнап келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!