Убадаланган унаалар берилген жок

Убадаланган унаалар берилген жок
2-Март 2018, Жума, 02:24

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн XXIII кышкы Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен орусиялык чемпиондорго премьер-министр Дмитрий Медведев Германиядан жасалган акыркы моделдеги BMW жеңил автоунааларынын ачкычын тапшырды. «Интерфакс» агентчилигинин маалыматына караганда алтын медал алгандарга BMW X6, күмүш сыйлыктарга BMW X5, ал эми коло медалдагыларга BMW X4 моделдеги автоунаалар берилмек. Бирок Орусия өкмөтү убада кылынган автоунааларды берген эмес. Бул тууралуу Орусия көркөм муз тебүү Федерациясынын президенти Александр Горшков айтып чыкты.

Горшков чындыгында BMW X5, BMW X4 автоунаалар болгондугун бирок BMW X6 акыркы чыккан унаалар болбогондугун белгиледи.

Орусиянын бейтарап абалда катышкан “Орусиянын олимпиадалык атлеттери” 2 алтын,6 күмүш жана 9 коло медал алышкан. Медалдык жалпы тизмеде 13 орунга татыктуу болушту.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин болуп өттү. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышты. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулду. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!