Эже - сиңди таймашы: Винус жеңди

Эже - сиңди таймашы: Винус жеңди
14-Март 2018, Шаршемби, 01:53

Дүйнөнүн биринчи ракеткасы, америкалык теннисчи Серена УильямсИндиан-Уэллсе мелдешинде эжеси Винустан жеңилип калды. Америкада Аялдардын теннис ассоциациясы (WTA) уюштурган мелдештин үчүнчү айлампасында эжеси сиңдисинен дагы күчтүү экендигин далилдеди. Мелдештин жыйынтыгында 6:3, 6:4 эсеби менен Винус Уильямс алдыга чыкты.

Жалпысынан Винус сиңдисин 11 жолу жеңген. Ал эми калган 17 жолу Серена Уильямс биринчиликти берген эмес. АКШда өткөн Аялдардын теннис ассоциациясынын (WTA) Индиан-Уэллсе мелдешине 2017-жылы сентябрь айында кыздуу болгон Серена Уильямс алгачкы ирет катышып жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек америкалык теннисчи Серена Уильямстин эсебинде “Чоң шлем” мелдештери боюнча 23 жеңиши бар. Мындан тышкары Уильямс төрт жолку олимпиада чемпиону: үч жолу тобу менен болгон мелдеште (2000, 2008 жана 2012-жылдар) жана жалгыз (2000-жылы) жеңишке жетишкен. Ал эми теннис тарыхында эң алдыңкы үчүнчү спортчу болуп саналат. Ал немис Штеффи Граф (377) жана америкалык Мартин Навратиловадан (332) кийинки орунда турат. Ал эми Аялдардын теннис ассоциациясы (WTA) рейтинг боюнча алдыңкы сабында турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!