​12 жашындагы кыз «Формула-1ге» катышат

​12 жашындагы кыз «Формула-1ге» катышат
14-Март 2018, Шаршемби, 11:49

Жапониялык 12 жаштагы спортчу Дзюдзю Нода «Формулы-1»автожарышына катышмакчы. Жаш спортчу 9 жашынан баштап «Формула-4» автожарышына катышып, эң жаш пилот катарында тарыхта калды. Дзюдзю Нода муну менен гана чектелбестен улам жеңиштерди багынтып, «Формула-3» техникасын да өздөштүргөн. Бирок, жаш жарышчынын бул ийгиликтери расмий түрдө катталган эмес. Себеби лицензия 16 жашка чыккандан кийин берилет. Өткөн жылы Дзюдзю Нода Окаяма шаарында өткөн «Формулы-4» жарышында 1.32,8, ылдамдыкты көргөзүп, баардыгын таң калтырган. Анткени бул техникада жарышууда коюлган рекорд 1.33,769 болчу . Аны 22 жашындагы Синтаро Кавабатабагындырган болчу.

Учурда жаш автожарышчы жаштардын U17 Challenge Cup жарышында ийгиликтер жараттууда. Мындай жарыштар «Формулы-3» жана «Формулы-4» колдоосу алдында өтүп жатат.

Дзюдзю - «Формулы-1деги» «Лярусс» командасынын мурдагы пилоту Хидеки Ноданын кызы. Атасы кызын кичинекейинен бери автоунаага айдоого үйрөтүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!