​Футбол чемпионаты - 2026: Кайда өткөрүлөт?

​Футбол чемпионаты - 2026: Кайда өткөрүлөт?
15-Март 2018, Бейшемби, 01:41

Эл аралык футбол федерациясына (ФИФА) 2026-жылдагы футбол чемпионатын өткөрүүгө учурда эки өлкө арыз жазышты. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү үч күндөн кийин аяктайт. Бүгүнкү күнгө чейин Канада менен АКШнын биргелешкен арызынан тышкары Мексика жана Марокко арыз менен кайрылышкан.

2026-жылдагы футбол чемпионатын уюштуруучу өлкө13- июнда Москвада 2018-жылкы чемпионаттын алдында өтө турган конгрессте аныкталат.

2026-жылдагы футбол чемпионатка 48 улуттук команда катышат. Ал эми 2022-жылкы футбол чемпионаты Катарда өткөрүлөт.

Эсиңиздерге сала кетсек тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк футбол таймашы 1930-жылы Уругвайда өткөрүлгөн. Аны уюштурууга Италия, Испания, Швеция, Голландия жана Уругвай өлкөлөрү болгон. Бул биринчи дүйнөлүк мелдештинфиналдык таймашында талаанын кожоюндары Аргентина менен мөрөй талашка чыгып, Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталган.

Дүйнөлүк атак-даңкка жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону - (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)

Италия –дүйнөнүн 4 жолку чемпиону - (1934, 1938, 1982, 2006)

Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону - ( 1954, 1974, 1990)

Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)

Уругвай- дүйнөнүн 2 жолку чемпиону - (1930, 1950) болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!