​Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» менен коштошту

​Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» менен коштошту
24-Март 2018, Ишемби, 02:08

Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» футбол клубу менен өзгөчө коштошуусу интернетти жарды. 36 жаштагы швециялык футболчу англиялык клуб менен эки тараптын макулдугу менен келишимди токтотту. Бул тууралуу «Манчестер Юнайтед» футбол клубунун расмий сайтында кабарланды.

Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» футбол клубу менен өзгөчө коштошту. Белгилүү швециялык футболчу Инстаграмдагы баракчасында сүрөт жарыялады. Анда футболчу өзүн Кудай катары чагылдырып, клубка шайтандын образын берген. Англиялык “Манчестер Юнайтеддин” оюнчулары өздөрүн “кызыл шайтандар” деп аташат.

Ал эми Златандын «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөнү бүгүн кабарланды. Атактуу футболчу жаңы клуб менен 2 жылга келишимге кол коюп, 6 миллион доллар ала тургандыгы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!