Төрөттөн кийинки кездешүүчү оорулар арасында азыр "мастит" актуалдуу болууда дешет дарыгерлер. Буга байланыштуу, биз мында бул дарттын келип чыгышы, алдын алуу жана дарылоо жолдоруна кызыктык.
Мастит
Сүт бездеринин сезгенүүсү медицинада мастит деп аталат. Көбүнчө маститке эне бала эмизип жаткан учурда чалдыгат. Бул ооруну козгоочу катары "стафилококк" бактериясы эсептелет. Алар көкүрөктүн үрпүнүн жарылып кеткен жерлери аркылуу анын ичине кирип, убакыттын өтүшү менен сүт бездерин сезгентишет. Анан бул аймакта сезгенүү күчөп отуруп, бара-бара ал ириң аралаш катуулукка айланат да маститти жаратат.
Маститтин белгилери
Дене табынын көтөрүлүшү (38-39 градустук температура)
Сүт бездеринин ооруксунушу
Дененин ар кайсы жерлеринин кызарышы
Көкүрөктөрдүн шишиши
Баш оору
Уйкусуздук
Алсыроо
Маститтин түрлөрү
Лактациялык мастит. Оорунун бул түрү жогоруда айтылгандай, эне бала эмизип жаткан учурда пайда болот. Белгилери да ачык эле байкалып, тезирээк дарыгерге барууну талап кылат. Мастит болдум дегендердин 95 пайызы оорунун ушул түрүнө чалдыгышат.
Лактациялык эмес мастит. Бул аталган дарттын сейрек кездешүүчү түрү. Мында деле оорунун белгилери жогорудагыдан айырмаланбайт. Болгону лактациялык эмес маститке кандайдыр бир себептерден улам сүт бездерин сезгентип алышкан 40 жаштан өткөн аялдар жана кыздар кабылышат.