Мирзиёв өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясын бекитти
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёв 2017-20121-жылдар аралыгында өлкөнү беш приоритеттүү багыттар боюнча өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитти.
Документ жүргүзүлүп жаткан реформалардын жигердүүлүгүн арттырууга, мамлекеттин өнүгүшүн тездетүү үчүн бардык шартты камсыз кылууга, жаңылануу жана либералдашуу жараяндарынын жүзөгө ашуусуна багытталган.
Мамлекет башчы жеке жана юридикалык жактарга кайрылуу иштеринин системасын түп-тамырынан бери жакшыртууга, эл менен ачык диалог куруу механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгууга, эл алдында отчет берүү тажрыйбасын киргизүүгө жана мунун негизинде калктын бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө басым жасады.
Стратегия беш этап менен ишке ашары айтылууда. Мунун алкагында жыл сайын өзүнчө багыттама кабыл алынат.
Кабар борбору