110 аял, 24 бала барымтадан кутулду
Сирия өкмөтү менен оппозиция барымтадагыларды алмаштырды. Оппозиция тарапта кармалып жаткандардын жыйырма төртү балдар экени белгилүү болду.
Лондондо жайгашкан Сирия адам укуктарына байкоо уюмунун билдиргенине караганда Хама аймагындагы оппозициянын көзөмөлүндөгү Калаат аль-Мадик шаарында барымтадан чыккандардын көбү аялдар экенин кабарлады.
Сирия күчтөрүндө кармалып жаткандар оппозиция караган аймактарга жеткирилген. Ал эми оппозициянын барымтасындагы балдар жана аялдар өкмөткү таандык шаарларга берилди.
Мээрим Искакова