
Баланын суицидке баруусун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
Психологдор өз баласынын өмүрү үчүн кооптонгон ата-энелерге дүрбөлөңгө түшпөөгө кеңеш беришет. Кандай гана жагдай болбосун диктатордук абалга жеткирбей, баланын эмоционалдык абалына үстөмдүк кылбоого чакырышат. Бул баланын психикасына доо кетирет.
Акыркы күндөрдө социалдык тармактардагы оюндар коркунуч жараткан абалга туш кылууда. Балдардын психикасы жабыркагандай оюндарды ойлоп табышып, андан улам аларды түрдүү жоруктарга туртүп, өлүмгө чейин алып барууда.
Психолог жана гештальт-терапевт Галина Фильева бул тууралуу ата-энелерге балдары мындай абалга түшкөндө эмне кылса болоору жөнүндө түшүндүрмө берди.
Интернеттеги топтор коркунуч жараттыбы?
Бул сыяктуу топтор бала өзүлөрүн жалгыз жана эч кимге кереги жок сезген убакта өтө кооптуу болуп эсептелет. Интернетке киришине каршы болуу, жеке каттарын окуп туруу, катуу көзөмөлгө алуу баланы бир нече убакытка гана алаксытуусу мүмкүн. Бул жаш балдардын суицидке барбоо көйгөйүн чечпейт. Эң башкысы бала менен болгон мамилени бекемдеп, анын өлүм тууралуу ойдон алыстатуу керек.
Ортодо ишенич жана түшүнүү барбы? Жинденбей анын көйгөйлөрүн түшүнүп, уга билесизби? Эгерде балңыз менен сиздин ортоңузда ишенич болбосо эмне кылуу керек. Башкысы сиз менен болгон мамиле кандай ошондо. Үстөмдүк кылып же басмырлоо менен баланы ого бетер түнт болуп сизден алыстоосуна алып келишиңиз ыктымал. Жөн гана ага сизди коркутуп жаткан нерселер туурасында ачык сүйлөшүп, ага ар дайым жардам бере ала тургандыгыңызды айтыңыз. Адам өзүн күнөөлөй бербестен, ошо нерсеге жооп таап, чече билүүсү керек. Балага идеалдуу эмес, жөн гана ата-эненин жакшы болуусу керек. Балаңыздын түрдүү топторго кирүүсү менен өзүңүздү жаман деп эсептебестен, ал көйгөйдү чечүүгө аракеттениңиз. Андан көрө экөөңөрдүн ортоңордо эмне маселе болуп жатат ошого көңүл буруңуз.

Интернеттен алыстатуу менен көйгөйдү чечсе болобу?

Жок, жардам бербейт. Бул баланын сизден дагы да алыстоосуна жана агрессивдүү болуп, ата-энесине болгон ишеничтин жоголуусуна алып келет. Эгер балаңыздын жүрүм-түрумунда бир нерселер мурдагыдан башкача сезилсе, анын денесинде кандайдыр бир кесилген көк алалар болгон болсо, буга чейин өзүн-өзү өлтүрүүгө барса же болбосо жинденип өлүм тууралуу сөздөрдү айткан болсо тез арада жаш балдар менен иштеген психологдун жардамына кайрылыңыз. Бирок, баланы кыйнап өз каалоосусуз алып барбаңыз. Адистер баланы “тарбиялоо” же тартипке келтирүү үчүн эмес, жакшы сезүүсү үчүн керек экендигин түшүндүрүңүз.
Фарида Жумакадырова