Конуштар боюнча БУУ Изриалге эскертүү берди
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкы катчысынын маалымат кызматынан келген билдирүүдө Баш катчы Антонио Гутереш Израиль парламенти Кнессеттин конуштар боюнча мыйзамды бекиткенине тынчсызданарын билдирди. Ал Батыш Шериядагы еврей конуштарын мыйзамдаштыруу Израилге укуктук кесепеттерди алып келерин эскертти.
“Эл аралык укукка каршы мыйзам Израиль үчүн укуктук кесепеттерди пайда кылат”,-деген билдирүүдө.
Оккупациядагы Батыш Шерияда жашаган палестиналыктардын менчик жерлерине курулган жаңы конуштар жана абактарды мыйзамдаштыруу болуп жатканын белгилеген Гутереш эки мамлекетти өз ара чечимге тоскоолдук кыла турган түрдүү кадамдардан алыс болууга чакырды.
Белгилей кетсек, Израиль парламенти Батыш Шериядагы еврейлердин конушу боюнча мыйзамга 7-февралда кол койгон.
Чыгыш Иерусалим жана Батыш Шерия 1967-жылы Израиль тарабынан оккупацияланган. Чыгыш Иерусалимде 200 миң, ал эми Батыш Шерияда 400 миңден ашык еврей конуштары жайгашкан.
Мээрим Искакова