Россия НАТОнун Карадеңизде күчтөнгөнүнө тынчсызданууда
Россиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Александр Грушко Москва НАТОнун Кара деңизде күчтөнүү пландарына жооп берүүчү чараларды көргөнүн “Россия 24” ТВ каналына берген билдирүүсүндө айтты.
“Бул көрүнүштөргө Россияга карата кадам катары баа берүүгө болот. Буга техникалык жактан жооп бердик. Батыштагы кошуундарыбызды күчтөп, коопсуздук жана коргонуу кызыкчылыктарыбыз үчүн баардык чараларды көрүп жатабыз”,-деди Грушко.
15-16-февралда НАТОнун Коргоо министрлеринин деңгээлинде кеңеш болоорун эске салган өкүл “Бул жыйын кызыктуу болот деп эсептейм. Анткени НАТО АКШдан алгачкы тапшырмаларын алат. НАТОнун түштүк чыгышта өзүн күчтөө үчүн кошумча чечим чыгарылат”,-деди.
Ошондой эле ал “6 өлкөнүн үчөө НАТОнун мүчөсү. Түркиянын ири флоту бар. Болгария жана Румыния да ошондой. Монтрё макулдашуусу бар. Ага ылайык аймактан тышкаркы мамлекеттер ал жактарга өз кемелерин көпкө кармай алышпайт. Бирок акыркы мезгилдерде бул режимге кысым болуп жатканын көрүп жатабыз”,-деди.
Мээрим Искакова