500 мүчөлүү үй-бүлөнү сүрөткө тарта албай кыйналышты
Кытайда Рен аттуу фамилияны алып жүргөн үй-бүлөнүн 500 мүчөсү чогулду. Эки жылдык аракеттен кийин араң табышкан туугандар аталары туулган Чжецян аймагына келишти. Кытайдын төрт тарабына жайылган үй-бүлө мүчөлөрүнөн Тайванда жашап калгандары да бар экени белгилүү болду.
Чогулган туугандарды сүрөткө тартууга 30 мүнөт кетип, ага дрон камерасы колдонулду. Интернетке жарыяланган фотого өтө көп адам пикирин калтырды.
"Кытай үй-бүлө баалуулуктарын эч убакта унутпайт”
Бул мезгилдерде Кытайда уланып жаткан жаз майрамын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге өткөрүү салтка айланды. Рен династиясынын мүчөлөрүнүн бири “Кытай күн сайын жаңылануу жолунда бара жатат. Бирок элибиз үй-бүлө баалуулуктарын эч убакта унутпайт”,-деди.
Кийинки сүрөтү мындан да чоң болорун айткан туугандар бардыгы чогулса миңден ашарын кошумчалашты.
Мээрим Искакова