Кант диабети — организмде инсулиндин абсолюттук же болбосо салыштырмалуу жетишпестигинен пайда болуп жана кычкылтек, май, белок алмашууларынын өзгөрүшү менен бул коркунучтуу оору келип чыгат.
Органдарыбыз биз жеген азыктын көпчүлүгүн боор кантка тактап айтканда глюкозага айлантат.
Диабет оорулары эки топко бөлүнөт:
Дарттын биринчи тиби — инсулинге көз каранды, экинчи тиби — инсулинге көз каранды эмес кант диабети. Кант диабеттинин биринчи тиби пайда болуп, өөрчүсүнө вирустук инфекциялар (коксаки, кызамык, эпидемиялык паротит вирустары) таасир берет.
Кант диабети уйку бези ооруларынын таасиринен, тагыраак айтканда тез жана өнөкөт панкреатит, шишик болгон кезде пайда болуусу мүмкүн. Дары-дармек каражаттарын узак колдонуу да кант диабетинин пайда болуусуна себепкер болот. Уулу заттары бар нерселерди колдонгондо, алар уйку безинин бета-клеткасына таасир берип, натыйжасында кант диабетине алып келүүсү мүмкүн.
Биринчи типтеги кант диабети жаш адамдарда көп кездешет жана тез өнүгүп, мындай оорулуулар ооруканага кома же болбосо эсин жоготуп түшүүсү ыктымал. Кант диабетинин экинчи тиби жай өөрчүп, кээде кокусунан аныкталат, көбүнчө орто жана улгайган жаштагы адамдарда кездешет.
Диабеттин белгилери – такай суусайт (полидипсия), тамакка табити артат (булемия), заараны көп бөлүп чыгарат, алы кетип шалдырайт. Текшерген кезде теринин, бет жана маңдайынын кызарганын, кээ бир жерлери кургап, картанганын көрө аласыз. Кант диабети менен ооруган бейтаптарга чыйкан чыгып жана грибок ооруларына чалдыгып, туберкулез дартына да кабылып калуу коркунучу бар.
Оорулуулардын 60-80 пайызында диабет ретинопатия кездешет. Мындай учурда көздүн көрүүсү начарлап, кийин катаракта пайда болот. Нерв системасынын жабыркоосу диабеттин нейропатиясы менен байланыштуу.
Кант диабет оорусун аныктоо үчүн атайы тест жүргүзүлөт.