Бул жөнүндө өзгөчө жаштардын билишкени абзел. Себеби күн суукта жылаң баш жүргөндөрдүн көпчүлүгү-жаштар эмеспи. «Прическам» бузулат дешип, бат-баттан жууп, фен менен кургатып алышып журө беришет. Ал эми башка суук тийсе оңой менен айыкпайт.
Башка суук тийгенде биринчи эле кара куштан чекеге чейин кеткен баш сөөк-мээ системалары ооруп белги бере баштайт. Ошондой эле кулак түбүндөгү нерв системалары ооруйт. Мындай учурда артериялык кан басым көтөрүлүп, баш айланып, дене табы көтөрүлөт же болбосо адам адам тоңо баштайт, башы ооруп, кулак чуулдайт. Ушул белгилердин бири байкалса убакытты созбой дарыгерге көрүнгөн оң.
Дал убакытысында аныкталып, дарыланбаса, башка суук тийүүнүн аягы түрдүү сезгенүүлөргө себеп болот. Баш менен кошо көз, кулак, тиш ооруп, мурундун эки бетиндеги гайморит кууштары жабыркайт.
Башты суук тийген учурда дарыгерге көрүнүп, тийиштүү дарылануу керек. Эч качан жылаң баш жүргөнгө болбойт, аны жылуу кармоо керек.
Суукка кабылып баш ооруп тынчыңызды алса үй шартында ачуу чай, аспирин ичсе жардам берет. Ромашка, жалбыздан жылуу ванна жасап, жыпар жыттуу эфир майларынан аромат лампа менен жылытууга болот. Уктаар маалда жылуу баш кийим кийген да туура.
Эртең менен, күндүз кытай лимоннигинен тунма жасап, бир чай кашыгын ичсе да баш ооруну басат.
Бирок суук тийиген башты убактылуу дарыласа, ал гипертониялык же болбосо гипотониялык ооруга чалдуусу мүмкүн.
Өзгөчө кулак чуулдаса тез арада дарыгерге көрүнүп, кеңеш алган жакшы. Кулакка атайы дары тамызуу керек. Пияздын ширеси ооруну бир аз баса алат. Аны ортосунан бөлүп, кесилген бетин жогору каратып кою керек. Андан бөлүнгө ширени «пипетка менен» алып, кулакка тамызып, үстүнөн жаап, ал агып кетпеси үчүн жатуу кажет. Ооруксунууду 15-20 мүнөттө басат.
Негизи баш ооруу инфекция кирип кеткенден мээ абсцеси болушу да мүмкүн. Ага тиш ооруу, өпкөнүн суук тийүүсү, кулак-мурун-тамак оорусу, баш жаракаты себеп болот. 12 сааттан ашык ооруса, ал өтө коркунучтуу.
Ошондой эле, баш вегетативтик тамыр дисфункциясынан да ооруйт. Ага ички организм мүчөлөрүнүн дарты таасир берет. Белгилери: жүрөк баттан согот, адамдын өңү кубарат, ал терчил болот, кан басымы көтөрүлөт же түшөт, табити жоголуп, ыктытып, жүрөгү айланат, демигет. Бул көбүнчө нерви жука, кулк-мүнөзү туруксуз адамдарга тийиштүү.
Моюн остеохондрозу болгон кезде да баш ооруйт. Ал көбүнчө моюн, кара куш тушта сезилет. Баш шакыйы кармаган кезде да адамдын тынчы кетет.
Бирок ушул баш оорулардын баары башка суук тийгенден же баш жөн гана ооруп жаткандан улам келип чыкканын ажырата билүү керек. Ал үчүн албетте дарыгерге көрүнүп, текшерилген жөн.
Башыңызды суук тийип калуудан сактаңыз!