Тамактан ууланган кезде алгачкы жардам көрсөтүү

16-Фев. 2018, Жума, 12:06

Тамактан уулануу – ашказан ичеги-карын тамак менен же суусундук менен бирге зыяндуу бактериялардын түшүсүнөн ички орган жумушунун бузулушу.

Курамында агрессиялуу химиялык заттары бар же бактериялары бар тамакты ичкенден кийин, токсиндер кандын курамына сиңип, организмде уулануу процессин пайда кылат. Уулануунун белгилери кандай болот?

Тамактан уулануу аз убакыттын ичинде болот. Бул оору учурунда оорулуунун организминде төмөнкүдөй белгилер байкалат:

  • жүрөктүн айлануусу, кусуу;
  • диарея (ич өтүү);
  • ашказан же ичеги оорусу;
  • алсыздык, уйкунун качуусу;
  • баш оору.
  • Эгер убактысында дарыланбаса, бул белгилер күчөп кетүүсү мүмкүн. Өзгөчө, баланын уулануусу жана адамдын белгилүү бир оорудан эми жазылган кезде ууланса өтө оор болот.

    Алгачкы жардам кандай көрсөтүлөт?

    Чоң адамдар ууланып калса, тез арада тез жардам чакыруу керек. Дарыгер келгенче ар түрдүү уулануу учурунда организминен ууну чыгаруу чараларды көрүү зарыл. Уулануу тамак аркылуу болгон болсо, ууну чыгаруунун эң пайдалуу жолу-ашказанды жууп чыгуу. Ал үчүн ууланган адамга көп өлчөмдө суу берип, тилдин тамырын манжа менен басуу аркылуу кусуусун көзөмөлдөңүз. Эгер жабырлануучу өзү муну жасай албаса, жардам берген оң.

    Кичинекей бала ууланган кезде дарыгерлерге эмнеден жана кандай ууланганын айтып берүү керек. Оператор тез жардам көрсөтүү тобун чакырып, тез жардам келгенче алгачкы жардам көрсөтүү тууралуу айтып берүүсү керек.

    Тез жардам келгенче эмне кылуу керек?

  • баланы тынчтандырып көрүңүз, бирок өзүңүз билбеген ашыкча аракет жасабаган жакшы.
  • телефондон “тез жардам” оператору айткан нерселерди аткарыңыз;
  • ар дайым пульс жана дем алуусун көзөмөлдөңүз;
  • эгер бала эсинен танып калса, аны бир жагы (кыры) менен жаткызуу керек,
  • жүрөк согушу менен дем алуусу токтосо, жасалма дем алдыруу берип көрүңүз;
  • “тез жардам” келгенче баланын жанынан чыкпаңыз.
  • Тамактан уулануунун алдын алуу үчүн:

    Организмди уулануудан алдын алуу үчүн төмөнкү чараларды эске сала жүрүңүз.

  • Тамак жасар алдында чийки эт же тоокту кармагандан кийин колуңүзду самындап жууңуз;
  • жер-жемиштер менен мөмөлөрдү жакшылап жууңуз;
  • чийки этти туурагандан кийин тактай менен бычакты таза жууңуз;
  • тамак жасар алдында тоңгон тоок этин жакшылап эритиңиз. Эгер мүмкүндүк болсо, аны муздаткычтын эң төмөнкү бөлүгүндө эритиңиз, себеби суук бактериялардын көбөйүүсүн алдын алат;
  • эт жана балык азыктарын жакшылап жууңуз;
  • эт, тоок жана балыкты чийки бойдон бир идишке чогуу салбаңыз;
  • тамактарды таракан, чымын жана чычкандардан коргоо үчүн бетин ар дайым жабык сактаңыз;
  • буфет, ашканаларда тамактанганда абайлаңыз;
  • ашкан тамакты муздаткычка салыңыз, ал эми пикникке алып барган тамактарды атайы идиштерде сактаңыз;
  • чийки жана даяр тамактарды бөлөк сактаңыз.
  • бактериялар 4,4тен 60 градус Цельсий температурасында тез көбөйөт. Тамакты ушул температурада сактоо сунушталбайт:
  • азык-түлүктү муздаткычта сактаңыз;
  • тамакты 60 градустан кем эмес Цельсий температурада даярдаңыз жана ысытыңыз.
  • Белгилей кетсек, тамактан ууланганда дароо дарыгерге көрүнүңүз. Анткени кээ бир учурларда уулануу белгилери “окшош” болушу мүмкүн. Дал ушундай белгилер жүрөк талмасы болгондо да байкалат.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!