Алысты көрбөй калуу

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:51

Алысты көрбөй калуу – жаш өспүрүмдөр арасында көп кездешкен көздүн оорусу. Каттоо маалыматтары боюнча, мектепти бүтүргөн ар бир бешинчи баланын бирөөнун көзү алысты көрө албайт. Көзүндө мындай кемчилиги бар адам, тескерисинче, жакын жердеги нерсени жакшы көрө алат. Ошондуктан, аны «жакынды көргүч» деп да аташат.

Алысты көрбөө эки түргө бөлүнөт: тубаса, тагыраагы тукум куучулук жана кийинчерээк пайда болгон көрбөй калуу. Акыркысы көбүнчө бара-бара көзгө оорчулук пайда болгондон болот.

Алысты көрбөө үч даражага бөлүнөт: башкы даражасы 3,0 диоптрийге чейин (диоптрий – оптика системасынын күчү), орточо түрү – 3,25тен 6,0 диоптрийге чейин жана жогорку даража – 6,25 диоптрийден жогору.

Адатта алысты көрбөй калуу жаш кезде пайда болуп, өскөн сайын анын lаражасы жогорулай берет. Азыркы убакта керек болсо окуу жашына жетпеген балдардын арасында да көздүн ушул кемтиги өтө көп кездешет. Мунун башкы себептери: кээ бир ата-энелер балдардын аң-сезимин тез өнүктүрүү максатында аларды сүрөт тартууга, окуп, жазуга өтө эрте үйрөтүшүп жана наристелерди бир нече саат бою сыналгы көрүүгө уруксаат бергендигинде. Мына мунун баары жаңыдан жетилип келе жаткан, катый элек жаш көзгө оорчулук түшүрөт ушундан улам мектеп жашындагы балдардын көбү доскадан жазылган жазууну начар көрө башташат.

Алысты көрбөөчүлүктү алдын ала сактануу жана анын күчөп кетпеши үчүн, алгач баланын үйдө жана мектепте отурган партасынын бийиктиги анын боюна шайкеш келүүсүн көңүл бөлүү керек. Жарыктын көп болушу менен катар, сабак үстүндө туура отурусу керек. Үйдө сабак окуп жатканда үстөл үстүнө туура отрусу кажет. Тапшырма аткарып жатканда үстөл үстүндө 60-75 ваттык шам турушу зарыл. Ал эми бөлмөнүн ичиндеги жарык 100-150 ваттан кем эмес болгону оң. Дептерге жазып отурганда шамдын жаргы окучунун сол жагынан же маңдайынан түшүп турушу керек. Узак убакыт окуганда, жазганда көздү талдырбаш үчүн ар бир 45-50 мүнөттөн кийин 10-15 мүнөттүк үзүлүш жасап туруу кажет. Окуган китеп менен жазган дептеринин көздөн алыстыгы чама менен 30-35 сантиметр болуш керек экенин эстен чыгарбаңыз. Жаш балдар сыналгыдан өздөрүнө гана арналган программаны гана көргөнү жакшы. Сыналгы балдардын отурган жеринен 2,5-3,0 метрдей алыс болгону туура. Карангыдан көз талбашы үчүн сыналгы турган бөлмөдө калпагы бар шамдын күйүп турганы оң. Бирок анын жарыгы сыналгынын экранына түшүп чагылышпоосу керек.

Балдардын көздөрү жана дени сак өсүүсү үчүн алардын жеп жаткан тамагы дамдуу, сапатуу жана көбүнчө жер-жемиш жана сүттөн даярдалуусу зарыл.

Акыркы жылдары алысты көрбөгөн көздүн өткүрлүгүн жакшыртуу үчүн ага операция жасоо ыкмасы колдонулуп келет. Муну «кератомия» деп аташат.

Алысты, жогору жана орточо даражада көрбөгөн адамдарга оор салмак (10 килограмдан ашыкча) көтөрүүгө болбойт; эңкейип жумуш иштөөгө, акробатика менен оор атлетика, бокс, сууга секирүү, атка минип жарышуу сыяктуу спорт түрлөрүнө катышуу көзгө өтө кооптуу. Анткени көдүн тор кабыгы оорчулук түшкөн кезде өз ордунан сыйрылып же болбосо анын бет жагы канталап, адам таптакыр көрбөй калуусу мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, көздүн көрүү кемчилиги бар баланы дарыгерге көрсөтүп, көз айнек жаздырып алып, дарыгер берген кеңештерди аткарып турса анын күчөп кетүүсүн алдын алса болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!