Ашкабак ашыкча салмактан арылтат

3-Фев. 2018, Ишемби, 15:25

Сан түрдүү дартка шыпаа болгон ашкабактын дүйнөдө 20дан ашык түрү өсөт. Дарыгерлер күнүмдүк рационго ашкабактан жасалган тамак-аштарды милдеттүү түрдө киргизүү керек экенин айтышат. Өзгөчө, кыш айларында көп жеген жакшы. Себеби, ал организмге күч-кубат берет.

Ашкабактын курамында В тобунун витаминдери көп. Организмди тазалап, зат алмашууну туруктуу кармап турат. Жыныстык органдарындагы дартты алдын алууга пайдасын тийгизет.

Эгер, байкоосуздан ысык сууга күйүп калсаңыз, денеңизге дароо ашкабакты сүйкөңүз.

Ашыкча салмактан арылып, келбетиңиздин камын ойлоону киришсеңиз, анда ашкабак диетасын кармоого болот. Ал эми анын данеги нерв системасын тынчтандырат. Данектин курамындагы эске сактоо жөндөмүн жакшыртып, мээнин кызматын иреттейт.

Арыктатуучу ашкабак ширеси

Жаңы сыгылып алынган ашкабак ширеси заара чыгаруучу жакшы суусундуктун бири болуп саналат. Ал организмден ашыкча суюктукту бөлүп чыгарып, токсиндерден жана шишиктен арылтат.

Арыктоо үчүн аны 200 мл-ден 21 күн ичинде тынбай ичип туру керек.

Бул ширени ашказан оорулары анын ичинде ашказан кычкылы көп болгон кезде, ошондой эле диареясы бар адамдар үчүн ичүүгө болбойт.

Ашкабак диетасы

Бир күн ичинде сууга бышырылыган 1 кг ашкабакты беш маал тамактануу үчүн бөлүп алып жеп туруу керек. Аз калориялуу болгондугуна байланыштуу бул диетаны сөзсүз кармоого тийишсиз. Бул диетаны эки күндө бир кармасаңыз да болот. Андан тышкары диета учурунда организмде суюктуктун кармалып калуусун болтурбоо үчүн туздуу тамак жегенден алыс болуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!