Ким Чен Ын Кытайга чын эле барган

28-Март 2018, Шаршемби, 14:18

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 25-28-мартта Кытайга зыярат кылганы расмий билдирилди.

Кытайдын “Синьхуа” агенттиги иш сапар боюнча кабарларында Ким Чен Ын жана Кытайдын лидери Си Цзинпиндин ортосунда сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн жазган.

Жолугушууда Ким Чен Ын “Түштүк Корея жана АКШ биздин жакшы ниеттерибизге оң жооп берсе, аймакта тынчтык жана туруктуулук атмосферасын түзүүгө чечкиндүү кадамдарды таштаса, Корея жарым аралы өзөктүк куралдардан арылышы мүмкүн”,-деген.

Ошол эле мезгилде Түндүк Корея жолугушууга байланыштуу расмий билдирүү таратты. Анда зыярат эки өлкө ортосунда тарыхый мааниге ээ экени жазылган.

Маалымат каражаттары белгилегендей, Ким Чен Ындын 2011-жылы өлкө башына келгенден берки чет өлкөгө болгон биринчи зыяраты болгону менен айырмаланат. Ошол эле учурда иш сапар Түндүк Кореянын АКШ жана Түштүк Корея лиделери менен сүйлөшүүсүнүн алдында өткөнү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушууга чакыруусун кабыл алган.

Ким Чен Ын түштүк кореялык кесиптеши Мун Чжэ Ин менен апрель айында, ал эми АКШнын президенти Трамп менен май айында жолугаары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!