Путин Түркмөнстанга барат

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Орусия президенти Владимир Путин Түркмөнстанга бара турганын РИА Новости агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирди.

“Сапарга даярдык көрүлүүдө. Качан болорун кийинчерээк маалымдайбыз”,- деди Песков. Буга чейин Путин менен Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу.

Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Путинди сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия-2017 спорттук оюндарынын ачылыш аземине чакырганы кабарланууда.

Түркмөнстандын ТИМи Владимир Путиндин сапары тууралуу маалымат боюнча комментарий бере элек.Гурбангулы Бердымухамедов быйыл февралда үчүнчү жолу президент болуп шайлангандан кийин Орусия Түркмөнстандын стратегиялык өнөктөшү экенин айткан.

Бул арада түркмөн газын сатып алуу жана Москванын Ашхабадга ири көлөмдөгү насыя берүү маселелери алигиче чечиле элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!