Бомбадан улам 10 миң адам эвакуацияланды

17-Авг. 2017, Бейшемби

Германияда Төмөнкү Саксония жергесиндеги Хильдесхайм шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бомба табылган. Андан улам 10 миң адам коопсуз жайга көчүрүлгөнүн “RT” телеканалы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда курулушчулар бомбаны шаардын борборунан табышкан. Жардыруучу зат табылган аймакта ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарына кирген бир нече жайлар жайгашкан. Анын ичинде Хильдесхайм кафедралдык собору жана Ыйык Михаил чиркөөсү бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!