Үч жаштан баштап билим берүү башталат

28-Март 2018, Шаршемби, 11:51

Францияда милдеттүү түрдө билим берүү үч жаштан башталганы калды. Президенттин администрациясы бул мыйзам кийинки жылдан баштап күчүнө кирерин билдирген. Расмий маалыматтарга караганда балдардын 97 пайызы ансыз да бала бакчага барып жатканын реформанын тарапташтары белгиледи.

Елисей сарайында президент Эмануэль Макрондун каалаганы окуучулардын укугун теңдөө экени айтылды. Андан тышкары бала бакчалардын ролун көтөрүү, ал мекемелер баштапкы билимге даярдоочу эле эмес, кичинекейлер үчүн толук кандуу мектепке айландыруу максаты көздөлүүдө.

Учурда Францияда билим берүү 6 жаштан 16 жашка чейин уланат. Буга баш ийбеген ата-энелер бир жарым миң евро айып пул төлөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!