Расмий маалыматтарга таяна турган болсок үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө инфляциянын деңгели 1,5 пайызды түзүп ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 6 пайызга өскөн.
Расмий маалымат боюнча 2017-жылдын январь-август айларынын аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси 73 млрд. 251,5 млн. сомду түзгөн. Башкача айтканда план 100 пайызга аткарылды.
“Өткөн жылдын ушул мезглине салыштырмалуу өлкө бюджети 10 млрд. 526,1 млн. сомго жогорулаган. Салык боюнча түшүүлөр 56 млрд. 688,8 млн. сом болгон. план 99,9 пайызга аткарылган. Анын ичинен Салык кызматы тарабынан 35 млрд. 744,7 млн. сом түшкөн. Ошондой эле Бажы кызматынан 20 млрд. 944,1 млн. сомго жетип палан толук аткарылган. Ал эми акчалай киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд. 198,1 млн. сомго жогорулаган. Взнос жана социалдык төлөмдөн бюджетке 1 млрд. 678,1 млн. сомду камтып план 123,6 пайызга аткарылган”,-дейт Каржы министри Адылбек Касымалиев.
Өндүрүштө өсүү бар
ИДӨнүн көлөмү 6 пайызга өсүүгө жетишкен. Тактап айтканда 282 млрд. сомго жеткен. ИДӨнүн көлөмү Кумтөр ишканасын эске албаганда 253 млрд. сомду камтыган.
Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистикалар жана улуттук эсеп башкармалыгынын жетекчиси Элвира Исенгулованын айтымында, жыл башынан бери өндүрүштүн көлөмү өскөнүн байкоого болот.
“Жыл башынан бери өндүрүштүн көлөмү 144 млрд. сомго жеткен. Бул көлөм өткөн жылга салыштырмалуу 26,4 пайызга өскөнүн байкоого болот. Өндүрүш көлөмүнүн өсүшү металл рудаларын казуунун көбөйүшүнөн, негизги металлды, резина жана желим өндүрүүдөн, башка металл эмес минералдык азыктарды өндүрүүнүн эсебинен жүргөн. Электр энергия, газ жана кондициондоштурулган аба менен камсыздоонун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көлөмүнөн 12,2 пайызга жогорулаган”,-дейт Исенгулова.
Соода жүгүртүү солгун эмес
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык 8 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сырткы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 3 млрд. 340,6 млн. долларды түзүп өткөн жылга салыштырмалуу 13,4 пайызга жогорулоо болгон.
Биринчи жарым жылдыкта экспорттун көлөмү 27,1 пайызга көбөйгөн же 950,5 млн. долларга жеткен. Ал эми импорт болсо 2 млрд. 390,1 млн долларды түзгөн.
Сырткы сооданын негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон соода алакалар түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистикалар жана улуттук эсеп башкармалыгынын жетекчиси Элвира Исенгулованын айтымында. Бримдиктеги өлкөлөр менен болгон сооданы көлөмү да 14 пайызга жогорулап, 1 млрд. долларды камсыз кылды.
“Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон эки тараптуу соода алмашууларынын көлөмү 1 млрд. 301,7 млн. долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,7 пайызга өскөн. Анын ичинен экспорт 32,7 пайыз, ал эми импорт 9,8 пайызды камсыздаган”,-дейт Исенгулова.
Анын айтымында, ЕАЭБ менен болгон соода-сатыктын негизги үлүшүн Россия (60,2 пайыз) жана Казакстан (38,1 пайыз) менен болгон соода алкалары түзгөн.
Өлкөдө инфляциянын деңгээли
Статистика комитетинин айтымында өткөн жылдын декабрынан бул жылдын август айына чейинки аралыкта азык-түлүк эмес товарлардын наркы 0,5 пайызга жана алкоголдуу ичимдиктердин баасы 3,9 пайызга арзандагандыгы байкалган.
“Жыл башынан бери керектөөчү сектордо инфляциянын деңгээли 1,5 пайызды түздү. Чылымдын баасы жана чылым өндүрүшүндө тарифтердин өсүүсүнүн эң жогорку көрсөткүчүн түзгөн же 19,3 пайызды камсыздаган. Байланыш кызматын көрсөтүү 6 пайызды түзгөн. Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 1,3 пайызга кымбаттаган”,-дейт Исенгулова.
Ал эми аймактарда болсо керектөөчүлүк баа менен тарифтин жогорулоосунун эң жогорку көрсөткүчү Ош областында болуп, 5,8 пайызды түзгөн.
Мамлекеттик карыз
Каржы министрлигинин маалыматына таянсак Июль айынын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички-тышкы карызы өскөн Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айдын ичинде 40,9 млн. долларга өстү. Июль айынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жалпы карызы 4 млрд. 286 млн. долларга жетти. Сом менен алганда 294 млрд. 238,7 млн. сомго жетет.
Июнь айынын жыйынтыгы боюнча карыздын көлөмү 4 млрд. 245,9 млн долларды түзсө, анын 3 млрд. 871.6 млн. доллары тышкы карыз болгон. Ал эми ички бөлүгү 374 млн. долларды камтыган.