Балаңыз оорубасын десеңиз

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:00

Педиатрлар кээ бир учурда балдарды дарылоодо дарыканадагы дары-дармектерден сырткары элдик ыкмаларды колдонууну сунуштап келишет. Анткени айрым өндүрүштүк дары-дармектерге салыштырмалуу органикалык дары каражаттар жеңил таасир берип алардын организми үчүн коопсуз. Төмөндө текшерүудөн өткөн жана жакшы жыйынтык бере турган үй шартында колдонулуучу ыкмалар.

Укроп ичтин ооруганын басат

Жаш балдардын дээрлик бардыгы кайсы бир учурда ич оорусуна кабылып, жабыркашат. Ал, ич катуудан, тамак- аштан уулануудан, кислоттук рефлюкстан, ашказан сасык тумоосунан жана ашыкча тамактанып алуудан келип чыгышы мүмкүн. Ал эми укроптун үрөнү - дал ушундай көйгөйлөр менен мыкты күрөшөт. Бир стакан кайнак сууга бир чай кашык укроп кошуп, 10-15 мүнөтко тыныктырып коюу керек. Андан кийин бир аз бал кошуп күнүнө эки маал ичсе 3-5 күн аралыгында айыгат.

Алоэ вера териге чыккан бүдүрлөргө

Териге чыккан бүдүрлөр балакай үчүн дагы бир көйгөйлөрдүн бири. Аллергия, курт-кумурска, чымын-чиркей чагып алганда, уулуу өсүмдүккө денеси тийгенде пайда болот. Алоэ вера мындай көйгөйдү тез эле чечет. Жаңы кесип алган алоэни жабыркаган жерге 10-15 мүнөткө жаап коюп, андан кийин салкын суу менен жууп саласыз. Күнүнө бир нече ирет кайталанат.

Сасык тумоого бал жардам берет

Микробдорго каршы эң мыкты каражаттардын бири дал ушул бал болуп эсептелет. Ал, сасык тумоо, вирус, жөтөл менен жакшы күрөшүп, түнкү уйкуну жакшыртат. Эгерде балакай тумоолоп калса, анда, эки чай кашык таза балга бир чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырып беш күн боюу күнүнө үч маал бериңиз. Бирок, бир жашка чейинки аллергияга туруштук бере албаган жаш балдарга берүүгө тыюу салынат.

Зайтун майы кулак оорусуна

Айрыкча жаш балдар кулак ооруганы чыдай албай кыйналышат. Кеңири тараган көйгөйлөргө кулакка суу кирүү, сасык тумоо же мурундун бүтүшү кирет. Зайтун майы кулакка кире турган инфекцияны киргизбей жолун тосот. Бир аз зайтун майын жылытып ар бир кулака 2 тамчыдан тамчылатып коюу керек. Андан кийин жылуу грелка коёсуз. Бул ооруну жеңилдетет. Эми кулак тазалаган кебез менен кулакты тазалап коёсуз.

Имбирь астма үчүн

Тилекке каршы дүйнөдө жаш балдардын астма орусуна кабылуусу күндөн күнгө өсүүдө. Буга начар экология, аллергиянын өөрчүп кетиши, дем алуу органдарындагы инфекция жана өтө нымдуу климат себеп болууда.

Имбирь текшерүудөн өткөн эң мыкты каражаттардын бири жана ал астма менен жакшы күрөшөт. Анын курамындагы заттар дем алуу органдарындагы көйгөйлөрдү кабылдап кетүүгө жол бербейт жана азайтат. Имбирди майда күкүмдөп, ага бирдей өлчөмдө анар менен бал кошуп күнүнө үч маал бир аш кашыктан берип туруу зарыл. Канча айда жана канча күн берүү керек дарыгер менен кеңешип аласыз.

Тиш ооруга туз

Жаш балдардын тиш оорусу дагы олуттуу болгондуктан негизи тиш доктурга алып барып көрсөтүү маанилүү. Бирок, ага чейин ооруну басуу үчүн жылуу сууга бир аз туз кошуп, оозун чайкап туруу керек.

Куркума жөтөлгө

Бир стакан жылуу сүткө жарым чай кашык куркума салып, жакшылап аралаштырып күнүнө эки маал берсеңиз жөтөл тез кетет. Эгерде жөтөл кургак болсо, анда жарым чай кашык куркумага бир чай кашык бал кошуп бериңиз. Күнүнө үч маал, үч күн берилет.

Корица түнкү заара ушатууга каршы

Беш жаштан өткөн балдар кээде түндөсү заара ушатып коюшат. Буга корица жакшы жардам берет. Ал үчүн күнүно бир жолу бир таякча корица берип коюңуз.

Банан диареяга каршы

Диарея менен жабыркаган балдарга бананга сууга бышырылган картошка же күрүч кошуп берсеңиз болот. Бул үчүн бир апта жетиштүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!