​Ош шаарында кырсыктан 8 адам жабыркады

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:22

Ош шаарында кичи автобус менен Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, 8 адам жаракат алган. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү билдирди

Маалыматка караганда, кырсык 4-мартта эртең менен Ош шаарындагы Кулатов кичи районундагы унаа жүрүүчү жолдо катталган. Анда эл ташыган кичи автобусту Daewoo Matiz унаасы келип сүзгөндө, кичи автобус жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында маршруттук таксидеги 7 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, алар Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Ошондой эле жеңил унаанын айдоочусу да ооруканага жеткирилген.

Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!