Дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар аялдардын эне болуусу үчүн кайсы жашта оптималдуу болоорун азыркы убакка чейин талкуулап келишүүдө. Кээ бирөөлөр улуурак аялдардын материалдык жагдайы туруктуу дешсе, ал эми башкалары 30дан кийин эне менен баланын ден соолугуна кооптуулук жаралат деп эсептешет. Кандай гана жагдай болбосун, кеч кош бойлуу болуунун белгилүү бир артыкчылыгы бар.
Окумуштуулар 35 жаштан кийин кош бойлуу болгон аялдын организми кандай өзгөрүүлөргө ээ болоорун аныкташты.
Көптөгөн аялдардын постменопауза учурунда когнитивтик функциялар менен эске сактоонун төмөндүгү байкалат. Бул эстроген жана прогестерон гормондарунун деңгээлдигинин төмөндөшүнө байланыштуу, алар мээнин химиясына, түзүлүшүнө жана жумушуна жагымдуу таасир берет.
Жаңы изилдөө көрсөткөндөй 35 жаштан кийин бойго бүтүү аялдын картайган кезиндеги когнитивтик жөндөмүн жакшыртат. Калифорния университетинин адистери менопауза башталгандан кийин 830 аялды изилдеп чыгышкан. Кеч бойго бүтүү жана гормоналдык контрацепсияны 10 жылга чейин кабыл алуу аялдардын ойлонуу ылдамдыгына жана вербалдык эс тутумуна жакшы таасир берерин аныкташкан.
Албетте, окумуштуулар үй-бүлө куруу үчүн 35 жашты күтүп отурууну сунушташпайт. Бул биринчи бала тууралуу эмес, кийинки төрөттөр тууралуу сөз болууда. Ошону менен бирге контрацептерди узак убакыт кабылдоо жана эрте башталган жетилүү да аялдардын когнитивдүү жөндөмдүүлүгүнө оң таасир тийгизет.
Бул узак убакытан бери аялдын организмине кош бойлуулуктун таасирин караштырган алгачкы изилдөө. Мурда окумуштуулар кош бойлуу кезде аялдын денесинин өзгөрүүсүн жөнөкөй түрдө изилдеп келишкен. Физиологиялык өзгөрүштөрдөн, психосоциалдык факторлордон жана стресстен аялдардын таанып-билүү көрсөткүчүнө айтарлыктай таасир берген. Ал эми мурдагы изилдөөлөрдүн натыйжалары карама-каршы натыйжа берип келген.