Табият - билим берүү жана мектепке чейинки билим берүүнүн өнүгүшүнүн эң маанилүү куралы. Бала аны менен карым-катнаш жасаганда канчалаган жаңылык ачат! Бала көргөн ар бир тирүү жандык өзгөчө. Балдар ойногон ар түрдүү табигый материалдар (кум, топурак, суу, кар) анын мээсинин өнүгүүсүнө жардам берет.
Эксперттердин пикири боюнча, табият балдарга көп таасир берет. Куштардын сайраганы, гүлдөрдү сугаруу, үй жаныбарларына камкор болуу сыяктуу баланын калыпташуусуна маанилүү болуп саналат. Эгер табият менен баланын өз ара байланыш жок болсо, кийин бул психологиялык көйгөйгө дуушар болушу мүмкүн. Педиатрлар, мугалимдер менен психологдор балдардын толуп кетүү, стресс, гиперактивдүүлүктүн бузулушу, өнөкөт чарчоо, депрессия жана башка дагы белгилер түрүндө байкалган көйгөйлөр табият менен карым-катнаштын жоктугунан деп аталган синдром тууралуу айтышууда. Адистердин айтуусу боюнча, жаратылыш менен болгон байланыштан ажыраган балдар, психикалык жана эмоционалдык өнүгүүсүнүн кемтиги бар. Алар чыгармачылык жана илимий-изилдөө жөндөмүн жоготуп жана жашоодогу маанилүү нерселерди чечүүгө даяр эмес болушат. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй айылда жашаган балдар сейрек оорушат, зирек, тартиптүү, көп нерсеге байкоо салып, курдаштары менен бат тил табышып кетишет. Ал эми шаарда өскөн балдарда айланадагы курчаган чөйрөдөн коркуп турушат дагы эмоциясын сыртка чыгара беришпейт. Мындан сырткары ашыкча салмак менен күрөшүп, стресске кабылып, өз күчтөрүнө ишенишпей, көп учурда зеригип эмне менен алек болууну билишпейт.
Шаардык балдардын бир күнү кандай өтөөрүн элестетүү анчейин кыйын эмес. Ар дайымкы үйдөн мектепке чейинки коомдук транспорттогу же ата-энесинин унаасындагы жол. Бош убактыларын көптөгөн балдар үйдө компьютер алдында же сыналгы көрүү менен өткөрүшөт. Жыйынтыгында жаш кезинен тартып алар “карылык” жашоо образын сүрө башташат. Үйдөн жакынкы жердеги эс алуу паркына чейин кээ бирөөлөр гана чыгып сейилдешет.
Ата-энелер балдарын сырткы дүйнө менен карым-катнашын кандай байланыштыруу керек?
Биринчиден, кичинекей чагынан баштаңыз. Үйүңүздөгү терезе алдында турган гүл тууралуу айтып бериңиз. Анын кандай бөлүктөрү бар экенин көрсөтүңүз. Балага гүлгө камкор болуусун түшүндүрүңүз. Гүлгө ар дайым камкор болуу анын табиятка болгон урматын, кызыгуусун арттырат.
Экинчиден, сейилдөө учурунда «чөптү баспа», «таякты колго кармаба», «мышыкты сылаба» деген сыяктуу акылсыз тыюулардан баш тартыңыз. Балаңызга аз да болсо изилдөөчү болуусуна мүмкүндүк бериңиз. Ойноп жатып кийимин кирдетип же бутун суу кылсын, бирок жаратылыш менен тыгыз карым-катнашта болсун, бул баланын жашоосу үчүн эсте калчу жаркын эмоцияларды берет.
Үчүнчүдөн, шаар сыртына сапарга чыкканда бизди курчаган жаратылыш тууралуу убакыт бөлүп айтып бериңиз. Көлдүн жанынан өтүп баратып кандай балыктар бар жашаарын айтып бериңиз. Токойдо жүргөндө канчалаган курт-кумурскалар бутуңуздун алдында эмгектенип жатканын көрсөтүңүз. Мындай кичинекей жаңылыктар баланын жаратылышка болгон кызыгусун жаратат.
Төртүнчүдөн, балага жаныбарларга байкоо салуу чоң кубаныч алып келет. Көпөлөктөр кандай гүлдөргө көп конот, жана алар эмне кылышат? Чегирткелер кантип аң уулашат? Аарыны бал аарыдан кантип айырмалоо керек? Ушул жана башка көптөгөн суроолорго жооп изденген кезде баланын интеллектуалдык жөндөмү өөрчүйт.
Бешинчиден, балага бир дарактын башка бир бактын жалбырактары менен салыштырып көрүүсүн айтыңыз. Алардын формасын, түсүн, өлчөмү эки башка жалбыракты табыңыз. Укмуштуудай комбинацияларга жана гүлдөр менен түстөргө көңүл бурдуруңуз.
Жаратылыш баланын өнүгүүсү үчүн байланыш түзүүнүн кандай түрү бар?
6 жашка толо элек балдар жаратылыш менен карым-катнаш сенсордук кабыл алуусун өстүрүп, байкоосун жана ойлоонусун жакшыртат. 6дан 12 жашка чейинки балдар жаратылыштагы ар түрдүү кубулуштардын арасындагы байланышты табууга жардам берет. Алардын байкоо жөндөмдүлүгүн, ойлонууга үндөйт. Жаш өспүрүмдө жаратылыш менен байланыш коомдук аңдап-билүү калыпташып, жоопкерчилик сезими пайда болуп, эркиндик жана ишенимдүүлүк сезими өөрчүйт.
Баланын жеке башын калыпташтыруу табиятта эмгектенүү оң таасир тийгизет. Бул балдар үчүн натыйжалуу жумуш түрү. Өсүмдүктөр менен жаныбарларды багуу менен бала жаратылыштын камын ойлойт. Алынган билимди үйрөнүү жана колдонуу процесси активдүү жүрөт. Табияттагы эмгек процессинде баланын ден соолугу бекем болуп, анын психикасынын өнүгүүсү байкалат.
Балдар бир нерсени үйрөнүүгө кызыгышат, алар изилдөөчүлөр, ал эми жаратылыш бул жөндөмдү өнүктүрүү үчүн мүмкүндүк берет. Алар кармап, жыттап, көрүп, угуп, колдонуп көрүүгө тырышышат. Ошондуктан ата-энелер өз балдарына жаратылыш менен көбүрөөк байланышта болуусун камсыз кылуулары зарыл. Баардык ушул иш-чаралар сизге каржылык же башка дагы чыгым алып келбейт. Алар баланын аң-сезимин өстүрүп кана койбой, ата-энелердин балдар менен көп убакыт бирге болуусун камсыз кылат.