Асаддын сүрөтү түшүрүлгөн банкнот чыкты

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Жекшемби, 2-июлда, Сириянын борбордук банкы өлкөнүн президенти Башар Асаддын сүрөтү түшүрүлгөн 2000 сириялык фунт купюраны жүгүртүүгө киргизди.

Борбордук банктын төрагасы Дураид Дургам жаңы банкнот чыгаруу бир нече жыл мурда пландалганын айтты. Бирок өлкөдөгү аскердик жаңжал жана инфляциядан улам токтоп турганын, банкноттор эскиргенине байланыштуу акча фондун жаңылоо зарылдыгы эми пайда болгонун кошумчалады.

Сириянын Улуттук банкынын өкүлү жаңы купюра Дамаск жана бир катар провинцияларда жүгүртүүгө киргизилгенин кабарлады.

Белгилей кетсек, Башар Асаддын атасы, өлкөнү 1971-жылдан 2000-жылга чейин башкарган Хафез Асаддын сүрөтү 1000 фунттук эски банкнотто болгон.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!