​Жээнбеков принц Карим Ага-Хан менен жолукту

12-Апр. 2018, Бейшемби, 18:06

Бүгүн, 12-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Урматтуу принц Карим Ага-Хан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Ага-Хан Фонду тарабынан Кыргызстандын билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүндө жана банк секторунда бир катар долбоорлордун жана программалардын натыйжалуу жүзөгө ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин биринчи кампусунун жана 15 жылдан бери кыргызстандык жаштарга сапаттуу билим берип жаткан Ош шаарындагы Ага-Хан мектебинин ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

“Биз тоолуу региондорду колдоо жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча программалардын жүзөгө ашырылып жатышын колдойбуз. Бул абдан олуттуу колдоо»,-деди Жээнбеков.

Принц Карим Ага-Хан кызматташууну мындан дагы күчөтүүгө даяр экенин баса белгилеп, бардык башталган долбоорлор улантыла турганын билдирди. Андан тышкары, Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын пландары, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү долбоорлору, тактап айтканда, Кыргызстандын тоолуу региондорунда балдар бакчасын ачуу долбоору тууралуу кыскача айтып берди.

Эскерте кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-апрелде Бельгияга расмий сапар менен барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!