Исаков менен Шыкмаматов "Кумтөр" боюнча кызуу талашты

17-Апр. 2018, Шейшемби, 15:08

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету угуп жатканда, премьер-министр Сапар Исаков “Кумтөр” келишимин узартуу керектигин билдирди.

Анын айтымына караганда, “Кумтөр” келишимин узартуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми бул маселеге токтолгон депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Биздин өкмөт “Кумтөрдө” экологияга келген зыян боюнча 7 миллиард сом утушу керек эле. Бирок, өкмөт мындан баш тартты. Бул кыянаттык. Сиздин өкмөттүн тушунда биздин өлкө “Центеррадан” алган үлүшү 6 пайызга азайды. Азыркы келишим кыргыз элинин кызыкчылыгын толук колдобойт. “Кумтөр” менен келишимди биз менен макулдашпай өзүңөр чечип коёсуңар, ушунда эле мандем жатпайбы?”,- деди.

Ошондой эле ал өкмөт эл аралык арбитражга кайрылып, сотко берүүдөн коркпоо керектигин белгилеп, 2009-жылы “Кумтөрдү” денотация кылуу керек дегенде тиешелүү адамдар чуркап келгенин эскертип, ушундай жолду табуу керектигин белгиледи.

Эл өкүлүнө өкмөт башчы Сапар Исаков 2009-жылкы келишимдин негизинде “Кумтөр” боюнча “Центерра Голд” компаниясын сотко бере албастыгын жана андай укугу жоктугун айтты.

“Биз “Центерра Голд” компаниясын эл аралык арбитраждык сотко берсек бизде кандай шанстар бар экендиги боюнча бир канча компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул боюнча менде расмий кагаздар бар. Анда биздин дүйнөлүк сотто утуп алуу мүмкүнчүлүгү жоктугун жана тескерисинче 2 млрд доллар төлөп калышыбыз мүмкүн экенин так жазып жатып жатат. Ошондуктан биз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек. Учурда “Кумтөр” ишканасында 3 миңге жакын кыргыз жараны иштеп жатат. Ошондой эле “Кумтөр” өлкө бюджетине түздөн түз таасир тийгизет. Кумтөрдүн инфраструктурасына эң башынан бери 1 млрд доллардан ашык инвеститция келди”,- деди Исаков.

Депутат Шыкмаматов 2009-жылкы келишимде өкмөт сотко бере албастыгы боюнча эч бир жерде жазылбаганын белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!