Шахтада калган эки адам куткарылды

14-Сен. 2017, Бейшемби, 10:20

Сүлүктү шаарындагы шахтадан урандынын алдында калган 2 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 13-сентябрь күнү саат 16:10 чамасында «Бай-Кен» шахтасында уранды түшкөн. Анын астында көмүр казып жаткан адамдар калганы маалымдалып, окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин кен казуучулардын күчү менен урандынын алдындагы 2 адам куткарылган. Алар жаракат алган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!