Мыкаачылык менен адам өлтүргөндөр кармалды

14-Сен. 2017, Бейшемби, 11:02

Кара-Суу районундагы жайлоодон мыкаачылык менен киши колдуу болгон 31 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип Баткен шаарынын 29 жаштагы У.С. аттуу тургуну 9-сентябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Ушул эле кылмышка шектелип 12-сентябрь күнү Баткен шаарынын 26 жаштагы А.Н., Ж.Ч., жана 32 жаштагы С.К. аттуу тургундары Бишкек жана Баткен шаарынан кармалган.

Тергөө учурунда маалым болгондой, шектүү катары кармалган адамдар 5-сентябрга караган түнү саат 04:00 чамасында Баткен шаарындагы соода түйүндө маркум менен биргеликте спирт ичимдигин ичишкен. Маркум менен кылмышка шектүүлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, үчөө маркумду ур-соккуга алып, колу-бутун байлап, ага таандык «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарын көздөй чыгышкан. Алар Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү Ит-Качкан жайлоосуна жеткенде маркумдун сырткы кийимдерин чечип алып, денесин ошол жерге таштап, өздөрү унаа менен Бишкек шаарына жөнөп кетишкен. Борбордон унааны арзан баада сатып, кайрадан Ош шаарына кайтышкан.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, козголгон иш тергелип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!