Кыркка жакын кыз ашпозчу кесибине ээ болду

14-Сен. 2017, Бейшемби, 12:31

Жалал-Абал облусунун Сузак районундагы Имам Аъзам медресесинде окуган 40ка жакын кызга ашпозчу-кондитер кесибин үйрөнүп чыккандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандан дин башкармалыгынан билдиришти.

Алар бир жарым ай бою 30га жакын тамактын, 30га жакын салаттын түрлөрүн, дагы 30га жакын кондитердик азыктарды бышырууну үйрөнүшкөн. Учурда алардын айрымдары Жалал-Абад шаарындагы кафе, ресторандардан, кондитердик цехтерден тажрыйбадан өтүп, тамак жасоону мыкты үйрөнгөндүгүн далилдешип, жумушка орношуп жатышканы белгилүү болду. “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун жетекчиси Нарынбек Кыдыргычовдун айтымында, жумуш берүүчүлөр курстан окуп чыккан кыздардын кесиптик деңгээли сапаттуу экендигине жогору баа беришүүдө.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаевдин айтымында, медреселерде окуган жаштарга кесип үйрөтүүнүн зарылчылыгы жаштарды диний-экстремисттик агымдардын азгырыгынан сактап калуу менен бирге жумушсуздардын санын кыскартып, аларга үй-бүлөсүн багып кеткидей шарт түзүп берүү болуп жатат.

Белгилей кетсек, Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарындагы медреселерде билим алып жаткан жаштарга мындан ары “ашпозчу-кондитер”, “тигүүчү”, “компьютерде иштеген кесипкөй адис” сыяктуу кошумча кесиптерди окуп, сертификат алып, ишке орношконго кеңири шарт түзүлдү. Бул үчүн аймактагы тандалып алган медреселерде зарыл болгон шарттар түзүлүп, быйыл июль айында жаңы жабдуулар таркатылып берилген. Жаштарга кесип үйрөнүүгө зарыл болгон жабдуулар менен шаймандарды Кыргызстандагы АКШнын элчилиги каржылап, 550 миң сомдон ашык каражатка сатып берген. Медресе жаштарын кесипке үйрөткөн социалдык долбоорду “АВЕП” коомдук фонд ишке ашырып, бардык чыгымдарын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги көтөрүп, демөөрчү болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!