Каракчылар карактай албай, качып чыгышты

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:32

Баткен облусунда түн ортосунда уктап жаткан жубайларды экинчи ирээт карактоо үчүн кол салган каракчылар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Баткен районунун Боз-Адыр айылында А.И. жана Н.К. аттуу жубайлар үйүндө уктап жаткан учурда бет капчан белгисиз эки адам үйүнө киришип, каракчылык кылуу максатында өзгөчө жыты бар газ балончиктери менен үй ээлеринин беттерине чачышкан. Жубайлар каршылык көрсөткөн учурда белгисиз адамдар күчтөрү жетпегендигин билген соң, окуя болгон жерден качып чыгышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда үйдүн ичинен «Nokia» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, белгисиз үлгүдөгү кара түстөгү тапанча, бет кап, 3 даана газ чачуучу балончиктер, узундугу 1,5 метр болгон ак түстөгү аркан жип, кара түстөгү рюкзак, фонарик жана башка заттар далил буюм катарында алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Кулжалык 29 жаштагы К.И. жана 27 жаштагы К.М. аттуу бир туугандар кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, соттук-медициналык, соттук-баллистикалык, соттук-химиялык экспертизалар дайындалган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Тергөө учурунда кармалган жарандар башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган. Алар 7-сентябрь күнү ушул эле үйгө уурулар кирип, 40 миллион сумун уурдап кетишкен. Бир туугандар жогоруда аталган кылмыш ишине дагы тиешеси бардыгы аныкталып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан. Азыркы учурда эки кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!