Маданият министри "Сулайман-Тоо" музейин кыдырды

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:25

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр музейдин айланасында усталар, зергерлер өз буюм-тайымдарын сата турган атайын базар ачуу мүмкүн экендигин айтты.

"Айталык, Сулайман-Тоонун этегиндеги “Алибастр” көчөсүн, ага кошулган чолок көчөлөрдү илгерки калыбында сактап калса же кайра калыбына келтирсе болот. Саякатчылар бул көчөлөрдү кыдырып, ар жерден Сулайман- Тоого чыгып барып, зыярат кыла алгыдай шарт түзө алабыз. Ошондой эле Каракол шаарында падышалык Россия учурунда салынган жыгач үйлөрдү сактап калуу жолдорун иликтеп жатабыз. Бул шаарчаларда саякаттардан тышкары кинолорду да тартса болот",-деди министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!