​“Тико” жүк унаасынын алдына кирип кетти (фото)

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:06

Сузак районунда жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү саат 20:50дө ӨКМнин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары аталган райондун Кыргызстан айылында “Деу-Тико” менен “ЗИЛ-131” оор жүк ташуучу унаасы кагышкан жерге жардам көрсөтүүгө барышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Тико унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркап, Жалал-Абад облустук ооруканасына жолдо бараткан унаа менен жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!