Адам канча жашында жумушун жек көрө баштайт?

Адам канча жашында жумушун жек көрө баштайт?
14-Дек. 2017, Бейшемби, 10:05

Британиялык “Happiness Works” компаниясынын изилдөөчүлөрү өзгөчө тажрыйба жасап, анда адамдар канча жашка келгенде өзүнүн жумушун жек көрө баштаарын аныкташкан. Бул тууралуу “Vistanews” сайты маалымдайт.

Сурамжылоого ар түрдүү жаштагы 200 миң адам катышкан. Жыйынтыгында жумушуна көңүлү толбой жүргөн адамдар улгайган, жашы өйдөлөп калгандар экени аныкталган.

Жалпысынан алганда адам 35 жашында жумушка деген кызыгуусу жоголо баштайт экен. Негизги себептер – бул стресс, дос менен кесиптештердин жоктугу, башчылык тарабынан тийиштүү түрдө бааланбай калуусу. Сурамжылоого катышкан 35 менен 55 жаш курагындагы респонденттердин 16 пайызы жумушуна көңүлү толбойт. 55 жаштан ашкандардын 18 пайызы жумушка айла жоктон барышат. Эң төмөнкү көрсөткүч 18 жаштан 32 жашка чейинки кызматкерлерде катталган, алардын ичинде болгону 8 пайызы гана өз жумушун жактырышпары белгилүү болгон.

Эксперттердин пикири боюнча, бул көз карандылык адам өз жумушунда жетиштике жетпегенден, ойлогон максатына кол жеткире албагандыктан пайда болот. Ошол себептен жумушуна деген кызыгуусу жоголо баштайт. Анткени адам бул куракта үй-бүлө күтүп, өз өмүрүн ордуна коюусу керек. Мындай абал кызматкердин нервин жукартып, коркуу сезимин күчөтүп, тынчсыздантат дешет алар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!