Президентке кат жазган балдар белек алды

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:04

Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган 70 бала Президент Сооронбай Жээнбековдон Жаңы жылдык белек алышты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиргендей, өлкө башчысынын дарегине өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 6-14 жаштагы балдардан президенттин колунан Жаңы жылдык белек алуу өтүнүчү менен кайрылган каттар келип түшкөн. Алардын арасында окуунун мыктылары, активисттер, турмуштук оор жагдайга туш келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары дагы бар.

Маселен, Баткен облусунун Кадамжай районундагы орто мектептин окуучусу Н. Маматураимова президентке куттуктоо ыр жазып, Жаңы жылга компьютер белекке берүүсүн өтүнгөн. Талас шаарынан тогуз жаштагы Акылай алты жашынан бери “Манас” китебин окуйт, куттуктоо менен кошо ал мамлекет башчысынан Жаңы жылдык белек тартуулоону суранган. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы алтынчы класстын окуучусу Б.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылып, Жаңы жылдык белек алгысы келген өтүнүчүн жазып жиберген.

Келип түшкөн каттарга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Президентке караштуу Билим берүү фондунан планшеттерди сатып алып, балдарга белекке берүү үчүн акча каражатын бөлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!