Бишкек ЖЭБдеги аварияга депутаттардын да күнөөсү бар

31-Янв. 2018, Шаршемби, 11:46

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги аварияга депутаттардында күнөөсү бар экени айтылды. Бул тууралуу жыйында КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ТЭЦдеги аварияга депутаттардын да күнөөсү бар. Бул маселе кечээ эле жарала калган жок.

«Жаралып жаткан маселенин баары тарифтердин төмөн болуп жаткандыгында. Каржылоо жакшы болбогондуктан кырсык болду. Бул боюнча биринчи маалыматты угушубуз керек, кийин өкмөттүн отставкасы жөнүндө айталы», - дейт Арапбаев.

Ал эми «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров кытайдын «ТВЕА» компаниясы менен келишимди ратификаялоого депутаттар да катышканын айтты.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Бишкек шаарындагы ТЭЦтеги түзүлгөн кырдаалдан улам премьер-министр Сапар Исаковдун отставкасын талап кылышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!