Алматада бир катар документтерге кол коюлду

3-Фев. 2018, Ишемби, 12:00

Кечээ, 2-февралда Алмата шаарында Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча интеграциялык бирикме алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти

Маалыматка караганда, төмөнкү документтерге кол коюлган:

1. Санарип боюнча тапшырма.

2. Кант боюнча тапшырма.

3. «Авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча органды түзүү боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» – Буйрук.

4. «Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 26.09. №130-Чечимин жокко чыгаруу» – Тапшырма.

5. «ЕАЭККнын 2017-жылдын 14.11. №151-чечимин жокко чыгаруу» – Тапшырма.

6. «ЕАЭБе мүчө-өлкөлөрдүн макроэкономикалык абалы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө» – Буйрук.

7. «Мүчө-мамлекеттер ортосундагы 2017-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө» – Буйрук.

8. ЕАЭБтеги идентификациялоо каражаттары аркылуу товарларды маркировкалоо жөнүндө келишим.

9. 2017-2018-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, кыйыр сырье, пахта буласы жана жүн боюнча талаптары жана сунуш баланстары жөнүндө» – Буйрук.

10. «Өнөр жай тармагындагы мамлекет аралык программаларды иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» – Чечим.

11. «ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө Келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелер жөнүндө» – Буйрук.

12. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2015-жылдын 8-майындагы № 13-чечимин ишке ашыруу жөнүндө» – Буйрук.

13. «ЖЕАЭКке ЕАЭКнын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» – Буйрук.

14. «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» – Буйрук.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү. Анда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү – ЕАЭБке мүчө-өлкөлөрдүн башчылары жана ЕАЭККнын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-февралда премьер-министри Сапар Исаков Алматы шаарына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча уюштурулган «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» Эл аралык форумуна катышуу үчүн келген. Форумдун ишине Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Азербайжандын жана Тажикстандын расмий делегациялары, бир катар ири эл аралык IT компаниялар жана эл аралык эксперттер катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!