Исаков менен Медведев сүйлөштү

3-Фев. 2018, Ишемби, 12:17

Кечээ, 2-февралда премьер-министр Сапар Исаков Алмата шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды.

Сапар Исаков Дмитрий Медведевди Орусиянын ЕАЭБти 2018-жылы төрагалык кылуусу менен куттуктады.

«Орусиялык тараптын бардык демилгелери жана идеялары келечекте Биримдиктин чыңдалышы үчүн өз пайдасын тийгизээрине ишеним билдирем», – деп белгиледи Исаков.

Өкмөт башчылар эл аралык санариптик күн тартиптин акыркы тенденцияларын, соода-экономика, илимий-техника жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы эки тарапуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чараларды талкуулады.

Тараптар кыргыз-орус кытматташтыгын чыңдоого багытталган маселелердин бардык тармактары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин билдиришти.

Айта кетсек, кечээ, 2-февралда Алматы шаарында Орусиянын төрагалыгы астында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча интеграциялык бирикме алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!