Россиянын 100 тонна картөшкө үрөөнү Кочкордо өстүрүлөт

28-Март 2018, Шаршемби, 11:21

27-мартта Кыргыз республикасынын Айыл чаба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде “Үрөөндүк картөшкө” ЖЧКсы менен биргеликте республикадагы картөшкө өстүрүүнүн абалы жана аны жакшыртуу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуу жөнүндө семинар болуп өттү.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, семинарга министрликтин өкүлдөрү, картөшкөнүн үрөөнүн жакшыртуу боюнча Казакстан Россиядан келген тажрыйбалуу адистер жана Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунан келген дыйкандар, фермерлер катыша алды.

Россия, Казакстандан келген адистер картөшкөнү оорулардан алдын алуу, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, ар кандай зыянкечтерден коргоо жөнүндө презентация окуу менен бирге картөшкөнү өстүрүүнүн алдыңкы технологиялары боюнча атайын видео роликтерин көрсөтүп, тажыйбалары менен бөлүштү.

Семинардын жүрүшүндө дыйкандар кызыккан суроолорун узатып, адистерден жооп ала алышты.

Мындан тышкары, Россиялык картөшкө өндүрүүчү “Супер Элита” компаниясы 100 тонна картөшкөнүн үрөөнүн алып келүүсү күтүлүүдө. Алынып келинген үрөөн Нарын облусунун Кочкор районуна өстүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!