​УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматынан алынды

4-Апр. 2018, Шаршемби, 10:04

УКМКнын 9-кызматынын башчысы Дамир Мусакеев кызматынан алынды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Дамир Мусакеевди бул орунга мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дайындаган. Ал ага чейин анын жан сакчысы болуп иштеген.

9-кызматтын жетекчиси УКМКнын төрагасынын орун басары даражасына ээ.

Жумуштан алынуунун себеби айтылбайт. Бирок, 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылган. Ага көпчүлүк таң калуусун жашырган эмес. Анткени, УКМК жетекчилиги саясаттан алыс болууга милдеттүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!