“Мегаком” деген бренд менен белгилүү болгон “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы 13,5 млрд. сомго бааланып, орусиялык ишкер, Африкадан чай, кофе импорттогон Елена Нагорная аттуу айымдын колуна сатылат деп болжолдонууда.
Бул арада коомчулукта компанияны сатып алууга белсенген ишкер тууралуу маалыматтын аздыгы жүйө келтирилип, экинчи “Лигласс” болбойбу деген түкшүмөлдөр айтыла баштады.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков билдиргендей, учурда компанияны сатып алууга ниеттенген ишкердин документтери, сатып алууга каржылык мүмкүнчүлүктөрү текшерилип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
“Келишим мыйзам чегинде ишке ашат. Эки тарап тең келишимди батыраак түзүүгө кызыктар болууда. Кардар каражатты толугу менен накталай түрдө которууну убадалап жатат. Мыйзам боюнча бир айдын ичинде толугу менен төлөп бүтсө болот”, — деди Казаков.
Компанияны сатуу шарты боюнча ишкер акциялардын 100 пайыз пакети үчүн 13,5 млрд. сом, алдын ала 7 пайыз комиссия үчүн 95 млн. сом төлөшү керек. Эгерде уюлдук компанияга байланыштуу кандайдыр бир доо-арыз, соттук иштер болсо, сатып алган тарап өз мойнуна алат.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыныда депутаттар “Мегакомдун” сатылышын сынга алып, компаниянын сатылышына каршы пикирин билдиришти.
Депутат Жанар Акаев экинчи “Лигласс” болуп калбайбы деп тынчсызданды.
“Буга чейин шектүү “Лигласс” компаниясына ГЭСтерди кармата жаздадык. Эми “Мегакомду” чай сатып иштеген аялга бергени жатабыз. Мындай ири компанияны чоң корпорацияларга сатуу керек болчу. Эмне орусиялык ишкер жеке уюлдук операторду сатып алабы?”,-деп суроо салды.
Талдоочу Руслан Акматбектин пикиринде, биринчиден компанияны сатуу кадамы туура. Анын белгилөөсү боюнча Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөдөгү ири компанияларды менчиктештиргенден пайда болбогондугун мезгил тастыктады. Талдоочу компанияларды сатуу боюнча бийликтин “кыраакы саясаты” жок деп сындады.
“Мамлекет өзү чакырып, өзү сатса, “Русгидро” же “Лигласска” окшоп толгон-токой проблемалар чыкпадыбы. Бул багытта тажрыйбасы мол эл аралык компанияларды чакырып, иштешүү керек болчу. Ошондо натыйжалуу болмок. Анткени дүйнөлүк практикада ушундай иштешет. Же болбосо эл аралык ачык тендерди жарыялаганды үйрөнүшү керек”,-деди Руслан Акматбек.
Экономика маселелери боюнча дагы бир талдоочу Искендер Шаршеев компанияны сатып алганы жаткан ишкер аял тууралуу маалыматтарды казып чыкканын айтат.
“Бул ишкер тууралуу бүт маалыматтарды карап чыктым. Ишкер айым стартаптарды жасап жүрөт. Консультант-менеджер сыяктуу инвестициялык эксперт. Ал түзмө-түз өзү сатып албайт, кайсы бир компаниянын өкүлү болуш керек. Өкмөткө тиешелүү структуралар муну жакшылап текшериши керек”,-деди Шаршеев.
Кыргыз бийлиги компанияны сатуу убарагерчилиги менен бир топ жылдан бери баш оорутуп келе жатат. Компанияны сатуу маселесин өткөн чакырылыштагы депутаттар да карап, бирок мөөнөтү бүткөндүктөн бир жактуу чечим кабыл алынган эмес. Компанияны сатуу боюнча тендер биринчи жолу 2015-жылы жарыяланып, баштапкы баасы 18 млрд. сомго бааланган болчу. Бирок экинчи, үчүнчү ирет жарыяланган тендерде сатып алууга кардар чыкпай, бул баа түшүп олтуруп, акырында түз сатуу чечими кабыл алынган.
Маалымат иретинде айта турган болсок, “Альфа телеком” компаниясынын 49 пайыз акциясы 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылган. 2014-жылы соттун чечими менен калган 51 пайызы камакка алынып, “Мегаком” толук мамлекеттин карамагына өткөн.
Дээрлик 3 миллионго жакын керектөөчү колдонгон бул компания байланыш кызматында популярдуу гана болбостон, өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн бири. Республика чөлкөмүнүн 90 пайыздан ашык кардары бул уюлдук компаниянын кызматын колдонот.