Кыргызстанда 170 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Алар алты саны түгөл болбогонуна карабай коомдо кадыресе адамдардай жашагысы, иштегиси, билим алгысы келет.
Деген менен Кыргызстанда алар үчүн түзүлгөн шарт, көрүлүп жаткан камкордук өз максатына жете элек. Майыптар өлкөнүн жогорку бийлик бутактарынан Бириккен улуттар уюму тарабынан кабыл алынган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу боюнча конвенцияны ратификациялоону алты жылдан бери талап кылып келишет. Кыргызстан бул конвенцияга кошулуу боюнча документке 2011-жылы кол койгон. Жакында майыптар коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө бурдуруу үчүн “Мени ук!” деген ураан менен жөө жүрүшкө чыгышып, жогоруда айтылган эл аралык документти ратификациялоону талап кылышты. Алар ушуну менен жөө жүрүшкө төртүнчү ирет чыгышты.
Майыптарды баккан энелерге колдоо жок
Нарын облусунун 60 жаштагы Алтын Тезекова өмүрүнүн 20 жылын бой жеткен майып кызына байлаган. Айтымында 21 жаштагы кызы шал оорусунун жеңил түрү менен жабыркайт. Ал оорулуу болуп төрөлгөн кызынан улам айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо үчүн “Ардак ордо” коомдук фондун ачкан. Фонддун карамагында ар кандай диагноздогу 21 бала бар.
“Майып адамдардын жанына келсең, өзүңдү эң керектүү адам сезесиң. Алардын арасында болуп карыганымды унутуп калам. Мен аларды жашоого шыктандырам. Эң биринчи буларга айыл өкмөттүн көңүлүн бура алдым. Айыл өкмөт өзүнүн имаратынан үч бөлмө берген. Биз алардын көз алдындабыз. Жок дегенде майрам күндөрүн жакшы өткөрөбүз. Ыктыярчылардын жардамы менен турмушка даярдап келе жатабыз. Көбүнчө кол өнөрчүлүккө үйрөтөбүз. Эми сатыкка чыгарганга аракет кылып жатабыз”,-деди.
Алтын Тезекова эң ириде оорулуу балдарын караган аялдар эч кимдин камкордугусуз калууда деп кейийит.
“Майыптык жаратылыштын берген сыноосу болгону менен ушуну азыркы өнүккөн коомдо сезбей жашоого мүмкүнчүлүктөр бар. Тилекке каршы, аны аткара албай жатабыз. Мындай адамдарды баккан энелер өмүр бою мамлекеттин колдоосусуз калууда. Иштеп каражат таап, мамлекетке кам көрчү учурда алар үйдөн чыкпай балдары менен калууда. Кийин аларга жарытарлык пенсия деле болбойт. Майыптарды караган энелердин эмгегин мамлекет баалап аз да болсо кам көрүшү керек эле. Азыр жасалган бул кадам алардын келечегине дагы, карылык дооруна дагы кам көрүлгөн болмок”,-дейт.
Мурдагыга караганда жылыш бар, бирок бул жетиштүү эмес
Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалы жат эмес. Анын пикиринде, майыптар үчүн түзүлүп жаткан шарт мурдагыга караганда жакшы болгону менен, бирок бул жетиштүү эмес.
“Чынында биздин өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын турмушу оор. Алты саны аман адамдар алардын кыйналганын билишпейт, сезишпейт. Биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Тротуар, лифттерди үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү ар бир айыл өкмөт ойлошу керек. Мамлекет тарабынан берилип жаткан жөлөк пул буларды канааттандырбайт. Жөнөкөй эле мисал алар үчүн атайын автобус жок. Өкмөт бул автобустарды сатып алуу кымбат дейт. Ага карабастан ар бир адамдын укугу бир болушу керек. Албетте мурдагыга караганда жылыш бар. Бирок бул жетиштүү эмес”,-деди.
Шарт бир гана пандус менен чектелбейт
Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү фондунун жетекчиси Толкунбек Исаковдун кичинекей кезинде көзү азиз болуп калган. Көзү азиздер мектеп-интернатында окуп, билимин кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде окуп уланткан. Учурда ал майыптарга укуктук жактан жардам берип келет.
“Эң негизгиси майыптыгы бар адамдарга тиешелүү шарттар түзүлбөй келет. Шарт дегенде эле биздин чиновниктер пандустарды ойлойт. Биринчиден, билим алганга мүмкүнчүлүк болушу керек. Ооруп калганда эч тоскоолдуксуз дарыланганга мүмкүнчүлүк болушу керек. Ошондой эле эмгектенге кепилдик алышы керек. Майыптыгы бар адамдар коомдун толук кандуу мүчөсү катары жашаганга шарт болушу керек”,-деди.
Эки жээктин жүйөсү
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык камсыздандыруу боюнча департаменттик директору Нурдөөлөт Назарбаевдин айтымында, мамлекет өз мүмкүнчүлүгүнө жараша колдон келишинче жардам берип жатат.
“Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды атайын жолдомолор менен санатория-курорттук мекемелерге жиберип жатабыз. Коляска берилет. Акысыз жашоо үчүн жатак үйлөр бар. Бизде мамлекеттик социалдык буюртма деген бар. Бейөкмөт уюмдардан социалдык кызматтарды сатып алабыз. Бул кызматтар аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кызмат көрсөтөбүз”,-дейт.
Майыптардын “Теңдик” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гулмира Казакунова бул айтылгандар менен макул эмес.
“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары тебеленип-тепселип, окубай, иштебей, жөндөн-жөн эле эрте кайтыш болуп жатат. Медициналык жардам сапаттуу жардамдар, профилактика жок. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 60 пайызы окубайт. 40 пайызы окуганы менен алар жеңил майыптыгы бар балдар. Коляскада олтурган, сүйлөй албаган, көзү көрбөгөн, акыл-эси кемирээк балдар билим алуудан тышкары калган. Бирок алардын баары окуй алат. Тилекке каршы, алардын коомдон кесип эле өзүнчө чыгарып койгонбуз. Майыптыгы бар айрым адамдар кесипке ээ болгону менен жумушка ээ боло албайт”,-деди Казакунова.
Конвенция колдоо тапса, Кыргызстанга келчү каражаттар көбөймөк
Майыптарга колдоосун бирдирүү максатында жөө жүрүшкө чыккан эксперт Жумакадыр Акенеевдин пикиринде Кыргызстан конвенцияны ратификациялоо менен бирге эч нерседен уттурбайт.
“Конвенцияны ратификациялоого өкмөт макулдугун берди. Эмки кадам Жогорку Кеңеште калды. Эгерде бул документ колдоо тапса, биздин өлкөгө дүйнөлүк уюмдардан чоң-чоң каражаттар келмек. Конвенцияны ратификация кылбаганы үчун эл аралык уюмдар дагы каражат бербей жатат. Алар Кыргызстан бул конвенцияга кошулган жок, ошол үчүн бере албайбыз дешүүдө. Биз түшүнүп жатабыз, мамлекетте акча жок. Бирок эч ким акча бөлгүлө деп талап кылбайт. Азыркыга караганда 20-30 эсе көбүрөөк жардам келмек. Мамлекет эч нерсе уттурбайт”,-деди Акенеев.
Расмий маалыматка караганда Кыргызстанда 170 миң ден соолугунунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 30 миңге жакынын жаш балдар түзөт. Мамлекет тарабынан берилген жөлөк пулдун көлөмү үч миңге чейин.