“Өлбөс полк” катышуучулардын саны боюнча рекорд коет

4-Май 2018, Жума, 13:33

4-майда “Кыргызстандагы быйыл өтчү Өлбөс полк киши саны боюнча рекорд коет” аттуу маалымат жыйын болуп өттү.

Жыйынга “Өлбөс полк-Кыргызстан” коомдук штабынын мүчөлөрү Таалайбек Сагынов, Станислав Елифанцев,Галина Кетова жана Бишкек шаарындагы “Өлбөс полк” кыймылынын координатору Зульфия Хайбулинна катышты.

Маалымат жыйында жүрүш тууралуу, жөө жүрүшкө чыга тургандардын болжолдуу эсебин, чогула турган жерин жана саат канчада башталарын айтып беришти.

Жыйындын жүрүшүндө Таалайбек Сагынов ““Өлбөс полк” жүрүшүн уюштурууга чоң даярдык көрүлүп жатат. Бул жүрүш Кыргызстандын бардык аймактарында болот. Жыл сайын “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышуучулар көбөйүүдө. Былтыркы жылы 30 миңден ашык жаран катышкан. Быйыл катышуучулар андан да көп болот деген ишеничтебиз. Жөө жүрүштүн максаты согушта каза болгон жоокерлерди эскерүү гана эмес, тарыхты кийинки мурастарга калтыруу” – деди Сагынов.


Өз кезегинде бардык эле мамлекеттерде мындай шарт түзүп бербестигин айтып, кыргыз мамлекетине, президенттик аппарат кызматына, мэрияга, өкмөткө жүрүш уюштурууга шарт түзүп, колдоо көрсөтүп жатканына уюштуруучулар ыраазычылык билдирди.

Алар ошондой эле 9-майда Кыргызстандын бардык аймактарында “Өлбөс полк” акциясы башталарын белгилешип, жеңишти камсыздагандардын бардык урпактарын жөө жүрүшкө чыгууга үндөштү.

Эскерте кетсек, жөө жүрүш шаардын “Түштүк дарбазасында" 9-майда, саат 9:00дө тизилүү башталып, саат 10:00дө старт алат. Жүрүш Совет көчөсү менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко чейин уланмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!