​Энеси депкир менен сабаган баланын абалы оор

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:04

Ош шаарынын жашоочусу, 23 жаштагы эне 3 жаштагы баласын депкир менен эсин жоготконго чейин сабаган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, эне баласын жалгыз тарбиялап келген.

Учурда баланын абалы оор. Ички органдары жабыркап, денеси көгала болуп кеткен. Баланын баш мээсине кан уюган. Баласынын абалы оорлошуп кеткенде Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ алып барып, өзүнүн ур-токмокко алганын жашырып, “тепкичтен жыгылып кетти” деп жалган маалымат берген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баласын сабаган эне камакка алынды. Учурда баланын энесинин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!