Сиз пиязды көп жейсизби?

Сиз пиязды көп жейсизби?
11-Окт. 2017, Шаршемби, 10:14

Күнүмдүк турмушта тамак-аштарды жасоодо пиязсыз элестетүү кыйын. Бирок аны жакшы көргөндөрдүн саны да чектелүү. Жакпайт экен деп витаминдердин казынасын, табигый антибиотик болуп саналган пиязды таптакыр жебей коюуга да болбойт. Сиздер үчүн пияздын пайдасы тууралуу маалымат сунуштайбыз.

Тоголок баш пияз

Тоголок баш пияз табигый антибиотик болуп эсептелет. Ал зат алмашууну ылдамдатып, тамак сиңирүүнү жакшыртып, артериялык басымды калыбына келтирүүгө жана потенцияны көтөрүүгө да жардам берет. Пияз ширеси сасык тумоо, уйкусуздук сыяктуу ооруларга каршы турат. Пияз жалаң гана витаминдерге эмес, ткандар менен органдарга активдүү таасир берүүчү эфир майларына, ошону менен бирге жүрөккө стимул берүүчү калийге, кандын пайда болуусуна жардам берчү темирге, адамга керектүү сейрек элементтер – марганец, жез, кобальт жана молибденге бай.
Көк пияз

Көк пияз негизинен кадимки пияздын өсүп келе жаткан түрү. Пияздын көгү – С жана В1 витаминдеринин булагы болуп саналат. Ар бир пияздын курамындагы хлорофилл тамактын сиңүүсүнө жакшы натыйжа берет. Бирок жакшы сакталган тоголок баш пияздан көк пияздын айырмасы, көк пияз тез соолуп, өзүнүн пайдалуу касиеттерин жоготуп коёт.

Сүйрү баштуу пизя

Сүйрүү баштуу пияз жашыл пиязга караганда жумшак жана таттуураак даамы болот. Ал калийге өтө бай. Ошондуктан бөйрөктөгү таш оорусу, туздун уюшуна каршы туруучу дары. А, С, В1 жана В2, РР витаминдери да кездешет.
Эскертүү:
Пайдалуу экен деп пиязды чамадан сырткары колдонууга болбойт. Пайда бар жерде зыян да бар экенин унутпаңыз! Эгер сизде ашказан жарасы же нерв системаңыз жабыр тарткан болсо пиязды көп пайдалануу сизге терс таасир берүүсү мүмкүн. Себеби тоголок пияз ашказандын былжыр катмары менен ичегинин оорусуна жана калийдин молдугу нерв системасынын жабыркоосуна, жүрөк ритминин бузулуусуна себепчи болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!