Акча көбөйтүү үчүн

Акча көбөйтүү үчүн
9-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:19

Кайсы гана улутту албаңыз алардын акчага болгон ырым-жырымдарынын өзгөчөлүгүн байкай аласыз. Баардыгында бир максат – акча муктаждыгын көрбөй, аны тескерисинче– көбөйтүү. Акчанын сыйкырдуу күчү же болбосо энергетикалык касиети бар экендиги тууралуу акыркы кездери көп айтылып жүрөт. Колубузда миллион сом туруп, андан эч кандай пайда көрө aлбай калуубуз да мүмкүн, тескерисинче он миң сомго баардык байлыктын негизи болуп калаары да шек эмес.

Акчага байланыштуу ырымдарды сиз де жасап көрүңүз, балким сиздин да чөнтөгүңүз калыңдайт…

Акчаны эч качан үстөлдүн үстүнө коюуга болбойт. Ошону менен катар ачкыч, машинаны ачкычын үстөлдүн үстүнө коюга болбойт экен. Бул ырымдын чечмелениши – унаанын ачкычын койсоңуз, айдап кетет, үйдүн ачкычын койсоңуз уурдап кетет.

Дасторкондун үстүн кол менен шыпырууга болбойт, милдеттүү түрдө майлык менен же күкүмдү колго эмес идишке салуу керек. Бул ыкманы жасап көрүп каржылык кирешеңизди эсептен көрүңүз.

Күн баткандан кийин акча санабоого тырышыңыз. Эгер саноого туура келсе бирөөгө жасатканыңыз оң.

Эгер cиз сатуучу болсоңуз, акчаны колмо-кол алып, ал эми кайтарып берүүдө үстөл үстүнө коюп берген туура.

Бай, чөнтөктүү адамдардан колмо-кол акча алууга тырышыңыз.

Көп учурда үйдө бош чыны идиштер – банка, жашиктер туруп калат. Булар – “кара үңкүрлөр”, үйгө келген кирешенин баарын тартып кетет. Эгер сиз бош идиштерди таштоого чамаңыз келбесе ичине милдеттүү түрдө бир нече дан же болбосо тыйын салыңыз. Үстөл үcтүнө бош чыны койбоо деген кеп ушундан келип чыккан.

Жаңы ай туулганда башыңызды ийип салам берип, андан кийин акча же болбосо алтын, күмүш көрсөтүп: “Жаңы ай кандай өcүп келе жатса, мага да ошондой акча келсин” деп айтуу керек.

Шейшенби күнү карыз суроодон оолак болуңуз, аз дегенде биp ай бою карызда жүрөсүз деген түшүнүк бар.

Ар дайым акчаңызды капчыкта кармаңыз. Акча чөнтөктө чачылып жатса киреше кирбейт. Тагыраагы бул акча да өзүн сыйлабаган, барктабаган жерге баргысы келбейт. Капчыгыңыз жыртылбаган, таза териден жасалган болуш керек. Ошону менен бирге капчыкка акчаларды ирээти менен бүктөбөй салыңыз.

Капчыгыңызда доллар болбосо да тумар катары эски тыйын салып жүрүңүз. Кийинки акчаны чакырып турушу үчүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!